Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбия иштери


«Тамак-аш инженерия» кафедрасынын тарбия иштери

     Студенттер менен жүргүзүлгөн тарбия иштери окуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ал өзүнө окуу процессинде студенттерди тарбиялоодогу төмөндөгү иштерди камтыйт: ЖОЖдо окутуу эрежелерин түшүндүрүү, ЖОЖдун тарыхы, анын салттары менен тааныштыруу, окутуунун жана эс алуунун рационалдуу системасын уюштуруу боюнча түшүндүрүү, окууга практикалык мамиле кылуу. Тарбиялык иш сабактан тышкары кезде өтүлүүчү төмөнкү иш-чараларды камтыйт: студенттерди илимий ишке (СИИИ) тартуу, маданий жана спорттук иш-чаралар. Студент-тер ЖОЖдун аймагында укук тартибин коргоого дагы тартылат. Тарбия иштеринин дээрлик системасы тарбия иштеринин планы менен бирге жүргүзүлгөн идеологиялык, адеп-ахлактык, социалдык, эмгектик, эстетикалык жана башка аспектилерди дагы камтыйт. Кафедрада тайпаларга кураторлор бекитилген, жана алардын иш пландары ар бир окуу жылына бекитилет.

Кураторы групп

п/п

кураторлор

Кызмат орду

Тайпа

1 тайпа

Асиева А. К.

окутуучу

ТМО(б)-1-20, ТМОг(б)-1-20

2 тайпа

Алымкулов Н. Ж.

окутуучу

ТМО(б)-1-19

3 тайпа

Коколоева У. У.

улук окутуучу

ТМОг(б)-1-19

 

Ар бир кураторго таандык куратордук журналдар I, II курстар үчүн түзүлөт. Куратордук иштердин планы окуу жылынын башында факультеттин жана университеттин тарбия иштеринин планына ылайык түзүлөт жана кафедралардын жыйындарында бекитилет.

Тайпалык иш-чаралар

      Окуу жылынын башында топтордо староста, профорг, студенттик профсоюз уюмунун, ошондой эле студенттик Жаштар Союзунун жана жаштардын иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү шайланат. Кураторлор дайыма музейлерге, Кыргыз Республикасынын алдыңкы ишканаларына экскурсия, жайкы мезгилде жаратылышка саякат, студенттердин Республикалык, шаардык, эл аралык конкурстарга, катышуусун уюштурушат.

Кураторлор аркылуу сабакка катышуулар көзөмөлдөнөт жана куратордук сааттар өткөрүлүп, окуу процесси рейтингдик көзөмөлдөө менен таанышуу жүргүзүлөт:

- рейтингди жүргүзүү мезгилинде жыйынтыктар талкууланып, катышпай калган сабактарды өткөрүү убактысы окутуучулар менен макулдашылат;

-жетишпеген студенттер менен иш жүргүзөт;

- кураторлор жатаканаларда жашаган студенттерге барып турушат;

- куратордук чогулуштарда модулдар, сессиялар боюнча жетишкендиктеринин жыйынтыктары талкууланат;

- студенттерди медициналык кароо мед.пунктун кызматкерлери менен биргелешип жүргүзүлөт.

Жатаканада жумуш уюштуруу

Тарбия иштеринин бир багыты болуп жатаканаларда жашаган студенттер арасында укук бузууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу эсептелет. Тарбия иштери техникалык ЖОЖдун келечектеги инженерлерин тарбиялоонун максатын, стратегиясын жана негизги багыттарын аныктоочу республикалык жана университеттик деңгээлдеги ченемдик–укуктук актылардын негизинде уюштурулат. Окуу-тарбиялоо ишин максаттуу, системдуу түрдө техникалык ЖОЖдун өзгөчөлүгүн эске алуу менен жүргүзөт. Тарбия иштеринин натыйжалуулугу тууралуу отчеттук маалыматтар дайыма чогултулат. Студенттер менен сүйлөшүүлөр, текшерүүлөр, укук бузуулардын алдын алуу, «Коопсуздук техникасын сактоо боюнча иштер» жүргүзүлүп турат.

Кураторлор үзгүлтүксүз иш алып барышат: нөөмөтчүлөр, укук бузуулардын алдын алуу, жатаканалардагы жүрүм-турум эрежелери ж. б.