Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык кызматташуу


Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн университеттери менен эл аралык кызматташтык

   «Тамак-аш инженерия» кафедрасы Алматы технологиялык университети, Сибирь мамлекеттик индустриалдык университети, Мордовия мамлекеттик университети, Бойт атындагы Берлин техникалык университети менен активдүү кызматташат.Азыркы учурда, кафедра менен Берлин техникалык университетинин ортосунда өз ара кызматташтык жемиштүү журуп жатат. «Технологиялык машиналар жана жабдуулар» багыты боюнча «Тамак-аш инженериясы» профили DAAD фонду (Германиялык академиялык алмашуу кызматы) тарабынан жакшы колдоого алынган. Кызматташтыктын алкагында DAAD фонду Германиядагы ЖОЖдордо кафедранын окутуучулары үчүн стажировка өткөрөт, Германиянын профессорлору лекция окууга чакырылат, дипломдук жана магистрдик диссертацияларды аяктоо үчүн студенттерди алмашуу программалары ишке ашырылууда.

Германиянын төмөндөгу профессорлор кафедрага келип, лекция отуп кетишти:

  • Гудрун Каммаш) профессор, Берлин техникалык университетинин доктору.  Бойт Берлин, Германия.  «Ingenierpadagogik / Didaktik» темасында 25-27.09.2017- ж;
  • Карин Генрих Берлин техникалык университетинин профессору.  Бойт Берлинде «Grundlagen zu und Anwendung mechanischer Trennverfahren» темасында 19-23.03.2018-ж.
  • Елена Пашидак) Берлин техникалык университетинин профессору.  Бойт Берлинде 19-23.03.2018-ж.

Тажик политехникалык институтунун профессору Хакимов Г.Р.

     Кыргыз Республикасында гана эмес, тамак-аш өнөр жайы чөйрөсүндө байланышты кеңейтүү, билимди тереңдетүү жана өнөр жай практикасынан өтүү үчүн, кафедранын курамы төмөндөгу өнөктөш университеттердин ортосунда: Алматы технологиялык университети, Сибирь мамлекеттик индустриалдык университети, Мордовия мамлекеттик университети,» Академиялык мобилдүүлүк жөнүндө келишим түздү. Кафедранын башчысы т.и.д., профессор Садиева А.Э.  DAAD фондусунун колдоосу менен кызматташуунун алкагында Берлин техникалык университетине иш сапары менен барып келди.  Программанын алкагында ал окуу процессин уюштуруу боюнча семинарга катышып, Берлин техникалык университетинин лабораториялары менен таанышты .

         Кафедранын аспиранты Коколоева У.У.  Сибирь Мамлекеттик Өнөр- жай Университетинде квалификациясын жогорулатып келген. Ал практиканын программасына ылайык, иштин төмөнкү түрлөрүн аткарды: Сибирь мамлекеттик өнөр- жай университетинин алдыңкы окутуучуларынын лекцияларына катышуу, T-Flex программалык комплексиндеги механикалык тутумдардын динамикасын изилдөө, илимий-методикалык конференцияга доклад менен катышуу.

 Кафедранын аспиранты Токтогулова Айзада 2019-жылдын февраль-апрель айларында Дели шаарында “RDBMS курсу жана алдыңкы веб-технология, анын ичинде DOT NET FRAME WORK, MVVM, WCF, WPF, LINQ, WF жана SHARE POINT SERVER программасынын алкагында квалификациясын жогорулатуу курсунан өттү.

 «Тамак-аш инженериясы» кафедрасынын доценти, т.и.к.  Абдираимов А.А. 01.08.2016 – 07.10.2020, Индиянын Хайдарабад шаарындагы Аспаптардын Дизайны Институтутунда ITEC программасынын алкагында «3D моделдөө жана CATIA программасын колдонуу» окуу курсунан өттү.