Коколоева Уларкан Уркунбаевна
т.и.к. улук окутуучу
Көкөлөева Уларкан Үркүнбаевна 1974- жылы Жалал Абад областына караштуу Аксы районундагы Жаңы Жол айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, 1999- жылы Ош мамлекеттик университетин «Физика» багытын бүтүрүп, физика мугалими адистигин алып чыккан. 2015 – жылы И. Раззаков атындагы КМТУнин 05.02.18 – «Машинелердин жана механизмдердин назарияты» багытында аспирантураны бүтүргөн. 2019- жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган жана техника илимдеринин кандидаты даражасын алган. Илимий жетекчиси т.и.д., профессор Садиева Анаркүль Эсенкуловна.
2008 –жылдын сентябрынан 2014-жылдын сентябрына чейин И. Раззаков атындагы КМТУнин «Физика» кафедрасында инженер болуп иштеген. 2014 – жылдын сентябрынан азыркы убакытка чейин «Тамак – аш инженерия» кафедрасында окутуучу болуп иштейт.
Лекцияларды окуйт, лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрөт. Төмөндөгүдөй окуу жүктөмдөрүн аткарат: «Ысытуу жана Муздатуу техникасы», «Технологиялык ыкмаларды моделдештирүү», «Тамак –аш өндүрүшүндөгү аппараттар жана ыкмалар», «Тамак-аш өндүрүшүнүн техникасы жана технологиясы менен тааныштыруу».
Көкөлөева У. Ү. дайыма изилдөө иштери менен алектенет. Илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары ар кандай эл аралык жана республикалык конференцияларда бир нече жолу корголгон. Жыл сайын студенттердин илимий-изилдөө иштерин көзөмөлдөйт.
Көкөлөева У. Ү. 30 дан ашык илимий макаланын жана Кыргыз Республикасынын үч ойлоп табуусунун (патент) автору.
Көкөлөева У. Ү. факультеттин жана кафедранын коомдук иштерине активдүү катышат. Ал өзүнүн милдеттерине жана ага берилген көрсөтмөлөргө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасап, аларды өз убагында аткарат.
Көкөлөева У. Ү. өзүн абийирдүү, эмгекчил жана алдына койгон максаттарга жетүүгө өз алдынча умтулган жана татаал илимий-техникалык маселелерди чечүүгө аракет кылат. Технологиялык факультетиндеги «Технологиялык жабдуулар жана машинелер» багытында окуган студенттерге академиялык кеңешчи. Ар жылы кафедранын «Ачык эшик» күнүн өткөрүүгө жана уюштурууга катышат. Кафедрадагы кызматкерлеринде арасында кадыр-баркка ээ.
Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер
ORCID ID:https://orcid.org/ 0000-0002-2797-7490