Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тилемишова Нургуль Темиркуловна


Тилемишова Нургуль Темиркуловна
улук окутуучу

   Тилемишова Нургүл Темиркуловна 1992-жылы Бишкек политехникалык институтун тамак-аш өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун Бишкек  №2  нан заводунда сапаттуулук боюнча  технолог катары 1992-жылы баштаган, билим берүү тармагында  1993-жылы Кыргыз Техникалык Университетинин Тамак-аш өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары кафедрасынын инженери болуп баштаган,  ал эми 2004-2012 жылдары  социалдык өнүктүрүү тармагында иш жургузгон , 2012-жылдан бери И.Раззаков атындагы КМТУнун "Тамак-аш инженериясы" кафедрасынын ага окутуучусу болуп эмгектенет.

2016-жылдан 2020-жылга чейин И.Раззаков атындагы КМТУнун сырттан окуу аспирантурасында окуган.

 Тилемишова Н.Т Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу  2015-2018-жылдары"Улуттук суусундук" Бозо "өндүрүшүндө чыпкалоо жана пресстөө процесстерин механизациялоо"  жана 2019-20- жылдары  Кымыз "улуттук суусундугун чыгарууда аэрация, абанын каныктыруу процессин механизациялоо» долбоорлорунда кенже илимий кызматкер катары катышкан.

2017-жылдан баштап Технология факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеп келуудо. Кафедрада кесиптик багыт берүү иши жана  бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу иштери боюгча жооптуу.

Тилемишова Н.Т.  11 илимий макаласы жана 10 методикалык эмгеги бар, 2 патент алган

КМТУнун Ардак грамоталары жана КМТУнун ыраазычык баракчалары менен сыйланган

КМТУда өткөн "Мыкты окуу материалдары" сынагына бир нече жолу катышып, 2016-жылы III даражадагы дипломго жана 2020-жылы I даражадагы дипломдор менен сыйланган.

Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер

ORCID ID: https://orcid.org/  0000-0002-2877-4396

 


Телефон: +996778387922

Кабинет: 2/206

e-mail: tilemishova1@mail.ru