Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Садиева Анаркуль Эсенкуловна


Садиева Анаркуль Эсенкуловна
Техника илиминин доктору, профессор, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин  «Тамак-аш инженериясы» кафедрасынын башчысы

  Садиева Анаркуль Эсенкуловна 1961- жылдын 10-февралында  Ош областына караштуу Токтогул  районунун  Кара-Сакал  айылында туулган.1978-жылы Токтогул районунун Бөкөнбаев атындагы орто мектебин аяктаган.Ал эми ушул эле жылы Фрунзедеги политехникалык институтуна кабыл алынган. Аталган институтту 1983- жылы аяктап «Машиналардын динамикасы жана бекемдиктери » адистигин алып чыккан.

         Өзүнүн билим берүүдөгү жолун институтту аяктагандан кийин 1983- жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Машина жана механизмдеринин теориясы» кафедрасынын илимий кызматкеринин ордунан баштаган.

1987- жылдан 1991- жылга чейин аталган институттун күндүзгү аспирантурасында окуган. 1992- жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде 05.02.18 -«Машина жана механизмдеринин теориясы» адистиги боюнча илимдин кандидатынын илимий даражасын изденүү үчүн диссертациясын жактаган.

1991-жылдан бери Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучусу, улук окутуучусу, доценти., профессору,кафедра башчысы болуп иштеп келе жатат. 2006- жылдан 2012-жылга чейин  ушул эле университеттин окумуштуу катчысы болгон.

Садиева А.Э. кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин өзүнүн тиштүү механизмдердин түзүлүштөрүн түзмөлөөсүнө арналган илимий изилдөөсүн улап келе жатат.Анын илимий иштери көпчүлүк Эл аралык илимий  конференцияларда Москва, Одесса, Новокузнецк, Алма-Ата,Бишкек, Ош шаарларында талкуудан өткөн.

Садиева А.Э. жүздөн ашык илимий жана илимий- методикалык иштердин, 1 монография, 3 окуу китептеринин автору.Ал биринчи жолу кыргыз тилинде чыгарылган «Машине жана механизмдердин тарыхы» окуу китебинин авторлорунун бири.

  Садиева А.Э. 2006-2010- жылдары Россия Федерациясынын Сибирь мамлекеттик  индустриалдык университетинин  докторанты болуп өзүнүн татаал тиштүү механизмдердин түзмөлөөсүнө багытталган илимий ишин жүргүзгөн. 2011-жылы 05.02.18 – «Механизмдердин жана машинелердин назарияты» адистиги боюнча «Татаал тиштүү механизмдердин түзүлүштүк түзмөлөөсүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу» темасында техника илиминин доктору илимий даражасын изденүү үчүн диссертациясын жактаган.

         Жаш муундарды жана  инженер- техникалык адистерди тарбиялоодо  кошкон салымы үчүн бир нече жолу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ардак грамоталары,Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим  министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган жана ага 2006- жылы  «Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнүн мыктысы » төш белгиси ыйгарылган.

Илимий метрикалык маалымат базаларындагы профилдер

ORCID ID:https://orcid.org/ 0000-0001-8117-7315


Кабинет: 2/203