Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Токтосунова Батма Бадировна


Токтосунова Батма Бадировна
Химия илимдеринин доктору, профессор

ТОКТОСУНОВА  БАТМА  БАДИРОВНА -Химия илимдеринин доктору профессор- 1952 ж.Алай районундагы Кызыл-Коргон айылында туулган. 1968 ж. Большевик орто мектебин аяктагандан кийин В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтуна  кирип аны 1975жылы аяктаган, эмгек жолун Фрунзедеги политехникалык техникумунда химия сабагынан  мугалим болуп баштаган. ал жерде жогорку квалификациялуу инженердик кадрларды даярдоодогу корсоткон ийгиликтери үчүн 1980 жКыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Грамотасына татыктууболгон.

         1983 жылы Кыргыз  Илимдер Академиясынын  Органикалык химия институтунун аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүнө кирип, 1992 жылыкандидаттык диссертциясын жактаган, ал эми 2013 жылы Тоо-кен иштери  жана тоо-кен технологиялары институтунда иштеп журуп,   доктордук диссертациясын ийгиликтуу коргогон.

         1995 жылы  Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин “Химия” кафедрасында доценттик кызматта иштеп, 1996 жылы кайрадан Кыргыз илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтуна ага илимий кызматкерлике которулат.

1997 жылдан баштап академик У.Асаналиев атындагы Тоо-кен иштери жана тоо-кен техногиялары институнда иштеп жүрүп “Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасында доцент, кафедранын башчысынын орун басары, 1999 жылдан баштап  башчысы, ал эми 2018 ж кайра түзүлгөн “Табигый илимдер" кафедрасынын башчысы болуп, И.Раззаков атындагы КМТУине (2022ж сентябрына)   кошулганга чейин иштеген.

 

            2002 ж. Кыргыз элге билим беруу министерствосунун“Ардак Грамотасы”, 2005 ж. Эл Агартуунун Отличниги төш белгилери менен сыйланган. 

 

         Илимге кошкон салымдары үчүн 2003 жылы Кыргызпатенттин “Эл Аралык Тоо-Жылына” карата уюштурган  ойлоп табуучулардын Республикалык конкурсунда I Даражадагы  Дипломун; 2009 ж. Грамотасын; 2013 ж. Ардак Грамотасын алган.

         2012 ж. Украинанын Севастополь шаарында откорулгон-Ойлоп табуучулардын жана жаңы технологиялардын VIII Эл аралык салонунда эки “КҮМҮШ МЕДАЛГА” ээ болот. 

         2013 ж. Доктордук диссертациясын ийгиликтуу жактап,   2015ж. Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчиктин “АЛТЫН МЕДАЛЫНЫН” лауреаты (Швейцария) болот.

2017 ж.Кыргызстан аялдары коомдук бирикмесинин “АЛТЫН МЕДАЛЫН”, 2018 жылы бишкек шаарынын Мериясынан “ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ”,  “БААЛОО  ЖАНА ОКУТУУ  УСУЛДАРЫ БОРБОРУ”нун алкыштарын алган.

2020ж Илимге кощкон салымы  үчүн Кыргыз мамлекеттик министрлер кабинетинин  "АЛКЫШЫН" алган. .
         Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржылануучу илимий  проектилердин жетекчиси, азыркы кезде  Жогорку Аттестациялык Комиссиянын “Химия” адистиги боюнча  кандидаттык  жана  доктордук  диссертацияларды  коргоонун адистештирилген Илимий Советинин мучосү, Жусуп Баласагынатындагы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик университетинин,  Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, И.Арабаев атындагоы Мамлекеттик университетинин  Химия факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн  Мамлекеттик экзамендеринин төрайымы ошондей эле шаарда өткөрүлгөн "Химия" боюнча Республикалык олимпиаданын төрөайымы кызматтарын аткарды. 147 жарык көргөн илимий эмгектин автору, анын ичинен КР жана Россиядан алынган 16 автордук күбөлүктөр жана патенттер, 3 монография (бирөө Германияда жарык көргөн), 2 коллективдүү монография чыгарылган статьялар (Румынияда жарык көргөн).

Илимометриялык маалымат базаларындагы профилдер:

1. ORCID: 0009-0007-0174-4369

2. Web of Science ResearcherID: ISA-6959-2023

5. Google Scholar: Batma Toktosunova

3. Scopus Author ID: Batma Toktosunova

4. РИНЦ AuthorID: Spin - код :

6. Researchgate.net: Batma Toktosunova


e-mail: b.toktosunova@kstu.kg

Стаж работы: 35