Сырымбекова Эркингуль Ибраевна
Декандын окуу-иштери боюнча орун басары ,кафедранын доценти
Сырымбекова Э.И. 1969-жылы туулган, кыргыз, «Химия жана химиялык технология» кафедрасында 1993-жылдан бери эмгектенип келет. И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ачытуу өндүрүшүнүн технологиясы» адистиги боюнча инженердик кесипти 1996-жылы аяктаган.
Сырымбекова Э.И. эмгек жолунда өзүн жөндөмдүү, күжүрмөн, чын дили менен берилип иштеген кызматкер катары көрсөтө алды.
Эркингүл Ибраевна «Химия жана химиялык технология» кафедрасында 1993-жылдан бери иштеп келет жана эмгек жолун алгач лаборант, улук лаборант, лаборатория башчысы болуп баштап, кийин окутуучу, улук окутуучу жана доценттик кызматка жетишти.
2007-жылдан азыркы учурга чейин «Химия», «Жалпы жана органикалык эмес химия», «Аналитикалык химия жана ФХМА» сабактары боюнча лекциялык, практикалык жана лабораториялык иштерди жогорку прфессионалдуу деӊгээлде өткөрөт.
Окуу-усулдук колдонмолорду даярдоо жана чыгаруу иштерине, ОУК иштеп чыгууда, жумушчу программаларды жана тесттик тапшырмаларды түзүүдө активдүү катышат.
2014-жылы Э.И.Сырымбекова даярдаган «Химия» сабагы боюнча окуу-усулдук комплекси И.Раззаков атындагы КМТУнун ОУК конкурсунда 1-орунду ээлеген, 2016-жылы EDNET сертификатына татыктуу болгон.
Нанотехнология областында илимий-изилдөө ишин жүргүзүп келет. Ал иштеген мезгилден бери 25 эмгеги жарык көргөн: 11 усулдук жана окуу куралдары, анын ичинде КРнын ББжИМ грифи менен чыккан усулдук колдонмолору, куралдары бар, 14 илимий макала, анын ичинен 4 макала РИНЦ илимий журналына публикацияланган.
Э.И.Сырымбекова ЖОЖдо, эл аралык конференцияларда илимий баяндамалары менен жыл сайын чыгып турат. Студенттерди илимий-изилдөө иштерине активдүү катышууга багыт берет жана алардын да илимий баяндамалары студенттик конференцияларда баяндалат. Алардын эмгектери тиешелүү баяндамалар жыйнагына жарыяланып турат.
Э.И.Сырымбекова факультеттин жана университеттин коомдук иштерине активдүү катышат. Окуу иштери боюнча кафедра башчысынын орун басары, технология факультетинин тарбиялык иштери боюнча декандын орун басары болуп эмгектенет. Студенттер менен тарбиялык иштер гана эмес, алардын жашоо шарттары менен да таанышып, активдүү иштешип келет.
Студенттердин жана окутуучу-профессордук курамдын арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ.
И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак Грамотасы менен 2010-жылы, «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» наамы менен 2014-жылы сыйланган. ОУК конкурсу боюнча жеӊүүчү катары I даражадагы диплом менен 2014-жылы сыйланып, 2016-жылы республикалык ОУК конкурсунда EDNET сертификатына татыктуу болгон. 2014-жылы И.Раззаков атындагы ФПИ-КМТУнун 60 жылдык мааракесинде иш-чараларды уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн алкыш жарыяланган.
Факультеттин жана кафедранын чогулуштарына катышып турат, «ХжХТ» кафедрасында кафедра башчысынын орун басары, АОжКЖ бөлүмү боюнча жооптуу, ТФнын окумуштуу катчысы (2014) , ТФнын СИИИ (НИРС) боюнча жооптуусу болуп иштейт (201-2014-ж.) жана шаардык, областтык, республикалык олимпиадаларды уюштуруу жана өткөрүү иштерине активдүү катышат.
ORCID: https://orcid.org/ 0000-0003-4490-862X
Илимометриялык маалымат базаларындагы профилдер:
1. ORCID: 0009-0008-5106-8730
2. Web of Science ResearcherID: HTL-7778-2023
3. Scopus Author ID:
4. РИНЦ AuthorID:
5. Google Scholar: Erkingul Syrymbekova
6. Researchgate.net: Erkingul Syrymbekova