Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Молдоканова Динара Амантуровна


Молдоканова Динара Амантуровна
каф.баш.милдетин аткаруучу

 

“Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасынын кафедра башчысынын милдетин аткаруучу жана улук окутуучу.

 И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин Химия жана биология  факультетин “Химия кошумча “Биология”” адистиги боюнча 2000-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы “Химия жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасында лаборант болуп иштеп калган. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Биология жана химия  факультетинде магистратураны “Табигый илимдерден билим берүү” багытында Химиялык билим берүү адистиги боюнча  бүтүргөн.

2000-жылдан 2004-жылга чейин И. Арабаев атындагы КМПУде “Химия жана аны окутуунун технологиясы” кафедрасында лаборант;  

2004-жылдан 2012-жылга чейин Кыргыз экономикалык университетинин окуу бөлүмүндө методист, 2008-жылдан окутуучу болуп иштеп келген.

2012-жылдын сентябрь айынан КМКТАУда ЭЭҮИнин “Химия жана ЖТК” кафедрасында окуу мастери, 2014-жылдын сентябрь айынан 2017-жылга чейин ушул эле кафедрада лаборатория башчысы жана улук окутуучу;

2017-жылдан 2022-жылга чейин Транспорт, коммуникациялар жана экология институтунун “Физика жана колдонмо химия” кафедрасында улук окутуучу жана лаборатория башчысы;

2022-2023-жылдары И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Химия жана химиялык технологиялар” кафедрасында инженер жана улук окутуучу;

2024-жылдын сентябрь айынан баштап – И. Раззаков атындагы КМТУнун «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасынын башчысынын м.а. болуп иштейт.

Жалпы  стажы-25 жыл (пед. стажы - 17 жыл).

Аткарылган педагогикалык иштер: лекциялар, лабораториялык иштер. “Химия (органикалык эмес жана органикалык)” жана “Аналитикалык химия” боюнча лекциялык курс, лабораториялык иштерди алып барат. Окуу-методикалык иштери: “Химия (органикалык эмес жана органикалык)” жана “Аналитикалык химия” боюнча ОМК, ФОС, силлабус окуу программаларын чыгарды. Жалпы химия боюнча лабораториялык иштер үчүн 1 окуу курал  иштеп чыгарды.

Илимий-изилдөө иштери “Электр учкундук дисперстөө методу менен ВК тибиндеги катуу куймалардын таштандыларынан наноөлчөмдөгү вольфрам карбидин алуунун законченемдүүлүгү” деген багытта жүргүзүлүп жатат.

«ВК8 катуу куймасынын электр учкундук дисперстөө продуктуларынын фазалык составы жана дисперстүүлүгү” (журнал Известия ВУЗов №2, 2015г), “Органикалык эмес химия сабагында предмет аралык байланышты ишке ашыруу” (журнал Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана №2, 2018ж), “Электрондук окутуу каражаттарын тузуунун талаптары” (журнал Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана №8, 2018ж), “Химияны окутууда мазмундук- ишмердуулук мамилени ишке ашыруу” (журнал Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана №11, 2020ж), “Пектин заттары”  (журнал Вестник КГУСТА #2(76), Том 2., 2022г стр. 517-522), « Химияны окутууда билим берүүнүн гумандуулук технологиясын ишке ашыруу » (журнал «Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана», №3, 2023), « Химия сабагында “Негиздер” темасын окутууда компьютердик технологияны ишке ашыруу аркылуу окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн арттыруу» (журнал «Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана», №7, 2023), « Химия сабагында интегралдаштырып окутуу технологиясын ишке ашыруу » (журнал «Известия ВУЗов Кыргызстана», №1, 2024) деген темада  илимий макалалар басылып чыкты.

            Дареги: e-mail: moldokanova1978@mail.ru,, кызмат.тел. (0312) 561502.

 


Приёмная: 996-502208010

Кабинет: 1/415

e-mail: d.moldokanova@kstu.kg