Жалилов Гулжигит Элмуратович

Улук окутуучу

2017-жылы КГУСТАны Телекоммуникациялык системалардын коопсуздугу багыты боюнча (бакалавриат) бүтүргөн.

2019-жылы КГУСТАда Автоматташтырылган системалардын маалыматтык коопсуздугун аудиттөө багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Кафедранын илимий-усулдук семинарына катышат. 2024-жылдан бери И. Раззаков атындагы КМТУнун Маалыматты коргоонун ыкмалары жана системалары илимий багыты боюнча «Кыргызстандагы банк секторунда жасалма интеллект ыкмаларын колдонуу менен жеткиликтүүлүктү башкаруу системаларын (IAM) оптималдаштыруу» темасында кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатат. 2 илимий макала жарыяланган.

«МТКК»  кафедрасында 2017 жылдан тарта кошумча кызмат ордунда улук окутуучу болуп эмгектенет.

ИТ жана маалыматтык коопсуздук тармагындагы педагогикалык стажы 9 жыл (кошумча окутуучулукту кошкондо).

Маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыз кылуу кафедрасында бакалавриат жана Автоматташтырылган маалыматтык системанын аудити магистратурасы боюнча лекциялык жана практикалык сабактарды өтөт, анын ичинде төмөнкү дисциплиналар бар:

  1. Маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасы;

  2. Маалыматты берүү тармактары жана системалары;

  3. Тармактык коопсуздук;

  4. Жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу жана мыйзамдардын, эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештик.

Негизги кесиптик кызматы: БАКАЙ БАНК ААКтын Маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын башчысы;

Кесиптик кызыкчылыктары: МКБСти (СУИБ) түзүү, МК тобокелдиктерин башкаруу, НБКР, ISO/IEC 27001, 27005, PCI DSS жана PCI PIN Security талаптарына шайкештик, инциденттерге жооп кайтаруу, колдонмолор жана API коопсуздугу, DLP/SIEM/PAM системаларын администрлөө.

Квалификацияны жогорулатуу: 20дан ашык курс жана сертификаттар


Кабинет: кампус 2, 8/404

e-mail: zhalilov.gulzhigit@kstu.kg

Стаж работы: 9 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар