Улук окутуучу
1996-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (КМУУ) «Физика» адистиги боюнча аяктаган, квалификациясы – «Физик. Окутуучу».
Жалпы үзгүлтүксүз педагогикалык стажы – 20 жыл.
590100 «Маалыматтык коопсуздук» жана «Биомедициналык инженерия» багытындагы студенттер үчүн 7 дисциплина боюнча лекция, практикалык жана лабораториялык сабактарды жүргүзөт. Окуткан дисциплиналар боюнча окуу-усулдук комплекстер иштелип чыккан жана практикалык, лабораториялык иштерди аткаруу үчүн 15 окуу-усулдук колдонмо жарыяланган. Кандидаттык диссертациясынын темасы боюнча Кыргыз Республикасынын 1 патентине жана ЭЭМ үчүн программага 1 автордук күбөлүккө ээ.
«Айыл чарба өсүмдүктөрүн арык аркылуу сугаруу процессин математикалык моделдештирүү» темасы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. 7 илимий макаласы жарыяланган.
Индия, Германия жана Хорватия мамлекеттеринде стажировкадан өткөн.
Квалификациясын жогорулатуу боюнча 10 сертификаты жана КМКТАУнун Ардак грамотасы бар.
Билими: жогорку, КМУУ, 1996-ж.
Эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги этаптары:
1996–1997-жж. – КАКИ ЖМТИнин «Бизнес-мектеби» мекемесинде методист;
1997–1998-жж. – КАКИ ЖМТИде инженер-программист;
1998–2001-жж. – КМКТАУнун (азыркы КМТУ, МТИ) «Экономикалык-математикалык моделдештирүү» кафедрасынын окутуучусу;
2001–2007-жж. – КМКТАУ ЖМТИнин (азыркы КМТУ, МТИ) «Экономикадагы маалыматтык системалар» кафедрасынын окутуучусу;
2007–2022-жж. – КМКТАУ ЖМТИнин (азыркы КМТУ, МТИ) «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» кафедрасынын улук окутуучусу;
КМКТАУнун И.Раззаков атындагы КМТУга бириккендигине байланыштуу 2022-жылдын сентябрь айынан тартып «МТКК» кафедрасынын улук окутуучусу.
Сертификаттары: 15
Сыйлыктары:
КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2017-ж.),
КМКТАУнун Ардак грамоталары (2011-ж., 2015-ж.),
ЖМТИнин Ардак грамоталары (2010-ж., 2014-ж., 2016-ж.),
Аялдар Конгрессинин Ардак грамотасы (2021-ж.),
«Билим берүүнүн отличниги» (2024-ж.).
Басылмалары: 1 патент, 1 автордук күбөлүк, 6 илимий макала, 15 усулдук көрсөтмө.
Илимий изилдөө темасы: «Айыл чарба өсүмдүктөрүн арык аркылуу сугаруу процессин математикалык моделдештирүү».
Эл аралык квалификацияны жогорулатуу:
2011-ж., Индия, Aptech – «Жогорку технологиялык программалык камсыздоо боюнча курстар»;
2018-ж., KyrMedu долбоору – «Кыргызстандын университеттеринде биомедициналык инженерия жана саламаттык сактоону башкаруу багыты боюнча окуу программасын киргизүү», Цвикау ш. (Германия), Вараждин ш. (Хорватия).
КМТУдагы эмгек мезгилинде дисциплиналардын силлабустары иштелип чыгып, адистер жана бакалаврлар үчүн окуу-усулдук комплекстер даярдалган. Лекцияларды жана семинардык сабактарды жогорку усулдук деңгээлде өткөрөт.
Педагогикалык ишмердүүлүгүн окуу-усулдук иштер менен айкалыштырат. «Информатика», «Маалыматтар базасынын коопсуздугу», «Маалыматтар базасы», «Программалоо» дисциплиналары боюнча бакалаврлар үчүн окуу-усулдук комплекстер даярдалган. 590100 – «Маалыматтык коопсуздук» багытынын бакалаврлары үчүн «С тилинде программалоо» лабораториялык иштер боюнча усулдук көрсөтмө жана «Информатика» курсу боюнча өз алдынча иштерге арналган усулдук көрсөтмөлөр иштелип чыгып, жарыяланган.
Кафедранын илимий-усулдук семинарларына катышат. «Айыл чарба өсүмдүктөрүн арык аркылуу сугаруу процессин математикалык моделдештирүү» темасы боюнча изилдөө иши жүргүзүлүүдө. 7 илимий макала жарыяланган.
2012-жылы Индияда «Жогорку технологиялык программалык камсыздоо боюнча курстар» багыты боюнча квалификациясын жогорулаткан. Кафедранын жана деканаттын уюштуруучулук иштерине активдүү катышат.

