Окутуучу
Жогорку билимге ээ. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин (КМУКТА) «Лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар» адистиги боюнча, Теориялык жана колдонмо лингвистика профили менен бүтүргөн жана 2012-жылы Н. Исанов атындагы КМУКТАнын магистратура программасын «Колдонмо, эксперименталдык жана математикалык лингвистика» багыты боюнча аяктаган.
Жалпы үзгүлтүксүз педагогикалык стажы – 10 жыл.
2008–2022-жылдары КМУКТАда иштеген. КМУКТАнын И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) менен кошулгандыгына байланыштуу, 2022-жылдын сентябрынан баштап азыркы убакка чейин Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо кафедрасында окутуучу болуп иштейт.
КМТУда иштөө учурунда ал «Маалыматтык камсыздоо жана жаштар менен иштөө», «Интернеттеги коопсуздукту камсыздоо технологиясы», «Интернет жаштар саясатынын куралы катары», «Информатика» дисциплиндери боюнча силлабустарды иштеп чыккан. Жогорудагы дисциплиндер боюнча лекцияларды жана сабактарды жогорку методикалык деңгээлде өткөрөт. Педагогикалык иш менен окуу-методикалык ишти айкалыштырып, «Информатика», «Маалыматтык камсыздоо жана жаштар менен иштөө», «Интернеттеги коопсуздукту камсыздоо технологиясы», «Интернет жаштар саясатынын куралы катары» дисциплиндери боюнча окуу-методикалык комплексдерди даярдаган.
Изилдөө темасы: Интернетте маалыматтык коопсуздуктун бузулушуна коркунучтарды аныктоо ыкмалары. 2 илимий макаласы жарык көргөн.

