Новости
Erasmus+ программасынын алкагында "МТКК" кафедра башчысынын иш сапары
Илимий-практикалык конференция «Кыргыз Республикасындагы киберкоопсуздуктун азыркы абалы»
2025-жылдын 13-декабрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Маалыматтык тутумдардын коопсуздугун камсыздоо» (МТКК) кафедрасында «Кыргыз Республикасындагы киберкоопсуздуктун азыркы абалы» аттуу окутуучулар менен студенттердин жыл сайын өткөрүлүүчү илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш-чара 2-кампустун 8/103 аудиториясында уюштурулду.
Конференцияга МТКК кафедрасынын башчысы Абдулаев А.А., кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, 18 баяндамачы жана 49 катышуучу катышты. Конференциянын алкагында маалыматтык жана киберкоопсуздуктун заманбап коркунучтары, маалыматтарды коргоо маселелери, санариптик трансформациянын таасири жана маалыматтык коопсуздук тармагында квалификациялуу адистерди даярдоонун зарылдыгы каралды.
Өзгөчө көңүл актуалдуу киберкоркунучтарга бурулду, анын ичинде зыяндуу программалык камсыздоо, фишинг, DDoS-кол салуулар, нөлдүк күндүн алсыздыктары, жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган чабуулдар, ошондой эле адам факторуна жана ички коркунучтарга байланышкан тобокелдиктер талкууланды. Баяндамачылар маалыматтык коопсуздук инциденттеринин алдын алуу жана аларга ыкчам жооп кайтаруунун практикалык ыкмаларын сунушташты.
Конференциянын алкагында хакатон өткөрүлүп, анын жүрүшүндө студенттер автоматташтыруу, санариптик сервистер, маалыматтык коопсуздук жана экология багытындагы колдонмолуу долбоорлорун сунушташты.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
1-орун — Усупов Н., Турдугулов М.;
2-орун — Бакиров Н., Байышев Б.;
3-орун — Ибраимов Э., Бердалиев К.
Хакатондун жыйынтыгы боюнча:
1-орун — «B2B процесстерин автоматташтыруу» долбоору (БИС-2-24 тайпасынын студенттери);
2-орун — «BlackMix» командасы (БИС-1-24 тайпасы);
3-орун — «StudyHub» долбоору (БИС-2-24 тайпасы).
"МТКК" кафедрасынын негизинде "Тонк Азия" окуу лабораториясынын ачылышы
2025-жылдын 16-октябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыздоо» (МСКК/ОБИС) кафедрасында «Жука кардарлардын заманбап технологиялары жана маалыматтык коопсуздук» темасында ачык сабак өткөрүлдү. Лекцияны Бакай банкынын маалыматтык коопсуздук секторунун башчысы Абдылдаев А.Т. өткөрдү. Иш-чарага кафедранын окутуучулары жана БИС-1-2-3-22–25 тайпаларынын студенттери катышты.
Тонк Азия компаниясы менен кызматташуунун алкагында кафедрада жука кардарлар негизиндеги заманбап виртуалдаштыруу лабораториясы түзүлдү. Бул лаборатория студенттерге виртуалдык машиналар менен коопсуз иштөөгө, тармактык процесстерди моделдөөгө, бузулуулар жана киберчабуулдар учурунда аракеттерди практикалоого, ошондой эле реалдуу инфраструктурага мүмкүн болушунча жакын шарттарда маалыматты коргоо принциптерин үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.
Сабактын жүрүшүндө студенттер TONK компаниялар тобунун өкүлдөрү — башкы директор Михаил Ушаков жана Директорлор кеңешинин төрагасы Эркин Палванов менен жолугушту. Алар алыстан жетүү технологияларын киргизүү, ишенимдүү санариптик инфраструктураны түзүү жана билим берүү менен өнөр жай үчүн санариптик трансформациянын мааниси боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Михаил Ушаков заманбап дүйнө санариптешип жатканын, маалыматтарды коргоо өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгилеп, жука кардарлар билим берүү мекемелери үчүн коопсуз, үнөмдүү жана ыңгайлуу системаларды камсыз кыларын баса белгиледи.
Директорлор кеңешинин төрагасы Эркин Палванов студенттерди практикалык окутуу үчүн виртуалдаштыруу жана симуляторлордун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, бул ыкма инфраструктуранын ишин ичинен көрүүгө жана маалыматтарды коргоо көндүмдөрүн коопсуз шартта өздөштүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Кафедра башчысы Абсамат Абдулаев жаңы лаборатория окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатарын, студенттерди даярдоонун заманбап деңгээлин камсыз кыларын жана маалыматтык коопсуздук технологияларын практикалык өздөштүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Жолугушуунун соңунда студенттер жука кардарлардын иштөө принциптери, виртуалдык лабораториялар жана бул технологиялардын бизнес жана мамлекеттик түзүмдөрдө колдонулушу боюнча көптөгөн суроолорду беришти.
"МТКК" кафедрасынын жетишкендиктери
Оморова Нургүл Амадалиевна — «Билим берүүнүн мыктысы» тош белгиси менен сыйланган.
2024-жыл ичинде Оморова Н.А. билим берүү процессинин сапатын жана кесиптик чеберчиликти жогорулатууга багытталган системалуу иштерди жүргүзгөн.
Кесиптик ишмердүүлүгүнүн алкагында Оморова Н.А. 2024-жылдагы мыкты окуу-методикалык комплекс (ОМК) конкурсуна катышкан. Конкурс үчүн заманбап билим берүү технологияларын, методикалык сунуштарды, дидактикалык материалдарды жана баалоо куралдарын камтыган окуу-методикалык документтер иштелип чыгып, системалаштырылган. Сунулган ОМК учурдагы билим берүү стандарттарына ылайык келүү менен окуунун натыйжалуулугун жана окуучулардын илимий кызыгуусун жогорулатууга багытталган. Конкурстун жыйынтыгында сертификат алынган.
Конкурска катышуу педагогикалык тажрыйбаны жайылтууга жана методикалык компетенттүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзгөн.
Туруктуу эмгеги, кесиптик жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн 2024-жылдын октябрь айында Оморова Н.А. «Билим берүүнүн мыктысы» тош белгиси менен сыйланган, бул анын педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана жогорку кесиптик деңгээлин тастыктайт.
1) Тынышова Толгонай Дайырканкожоевна — физика-математика илимдеринин кандидаты
2021-жылдын 21-октябрында Тынышова Толгонай Дайырканкожоевна 01.04.05 — оптика адистиги боюнча «Фазалык чөйрөлөрдүн санариптик голографиялык интерферометриясы» темасында диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Коргоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Ж. Жеенбаев атындагы Физика институтунун жана Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы Д01.21.633 диссертациялык кеңешинин жыйынында (Протокол №2, Бишкек) ийгиликтүү коргогон.
Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен техникалык илимдердин кандидаты даражасы 2022-жылдын 27-январында бекитилген (Протокол № 1k-1/2).
Диплом: ИКД № 002853, Бишкек шаары.
2) Тынышова Толгонай Дайырканкожоевнага доцент илимий наамы ыйгарылды
2025-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен Тынышова Толгонай Дайырканкожоевнага «Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу» адистиги боюнча доцент илимий наамы ыйгарылды (протокол № 7дц-2/39, Бишкек шаары).
Студенттердин илимий конференцияларга катышуусу
2024-жылдын 12-декабрында кафедранын студенттери «Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө коркунучтар жана чакырыктарды көп факторлуу талдоо» аттуу жаш окумуштуулар жана студенттердин биргелешкен эл аралык жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты.
Конференциянын алкагында санариптик коопсуздук жана аймактын туруктуу өнүгүүсү боюнча баяндамалар сунушталды. Абасов А. А., Турдугулов М., Ырысбек уулу Биймырза (БИС-2-22 тайпасы) «Калктын санариптик сабаттуулугун мониторинг кылуу» темасында доклад жасап, санариптик компетенциялардын улуттук жана глобалдык коопсуздуктагы ролун талдап чыгышты.
Орозакунова Элиза (БИС-1-21 тайпасы) «Криптографиялык алгоритмдерди талдоодо машиналык окутуу ыкмаларын колдонуу» темасында баяндама жасап, маалыматтык системалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Ошондой эле студент Токтобеков Элдос жаш окумуштуулар, магистранттар жана студенттердин кафедралык конференциясында «Банктык маалыматтык системалардагы алдамчылык» темасында доклад менен чыгып, каржылык коопсуздуктагы негизги коркунучтарды жана аларды алдын алуу жолдорун белгиледи.
Студенттердин илимий конференцияларга катышуусу кафедранын илимий потенциалын жогорулатууга жана кесиптик компетенцияларды калыптандырууга багытталган.

