профессор, физика-математика илимдеринин доктору
Муралиев Абдурашит Муркамилович 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «Колдонмо математика» адистиги боюнча аяктаган.
2022-жылдан тартып КМТУда эмгектенет, ал эми 2013-жылдан бери «МТКК» кафедрасында доцент жана профессор кызматында иштеп келет.
Бакалавриат үчүн «Математикалык логика жана алгоритмдер теориясы», «Ыктымалдуулук теориясы жана математикалык статистика» дисциплиналары боюнча, ал эми магистратура үчүн «Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы», «Техникалык объекттерди жана башкаруу системаларын математикалык моделдөө»дисциплиналары боюнча сабак берет.
Кыргызстандын жер кыртышында жүрүп жаткан сейсмикалык процесстердин математикалык моделдерин иштеп чыгуу менен алектенет. Илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча 3 монография, 50дөн ашык илимий макала жана баяндамалардын тезистери өлкөлүк жана алдыңкы чет өлкөлүк журналдарда жарыяланган.
И. Раззаков атындагы КМТУда иштеген мезгилинде дисциплиналар боюнча силлабустар иштелип чыгып, «Математикалык логика жана алгоритмдер теориясы», «Ыктымалдуулук теориясы жана математикалык статистика» дисциплиналары боюнча окуу-методикалык комплекстер даярдалган. Аталган дисциплиналар боюнча лекцияларды окуп, практикалык сабактарды жогорку методикалык деңгээлде өткөрөт. Педагогикалык ишмердүүлүгүн окуу-методикалык иштер менен айкалыштырат.
590100 «Маалыматтык коопсуздук» багытынын студенттери үчүн «Корголгон автоматташтырылган системаларды куруу технологиясы» дисциплинасы боюнча өз алдынча иштерди аткарууга арналган методикалык көрсөтмө; «Корголгон автоматташтырылган системаларды долбоорлоо» дисциплинасы боюнча курстук долбоорлорду аткарууга арналган методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыгып, жарыяланган.

