Окуу иштери
И.Раззаков атн. КМТУ
Институттар
Электроника телекоммуникация институту
Чет тилдер кафедрасы
Окуу иштери
ЧЕТ ТИЛДЕР КАФЕДРАСЫ БАРДЫК БАГЫТТАРДАГЫ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН БИР СЕМЕСТРДИН ИЧИНДЕ АНГЛИС, НЕМИС ЖАНА ФРАНЦУЗ ТИЛДЕРИНИН ПРАКТИКАЛЫК КУРСУН ОКУТАТ.
КАФЕДРАГА БЕКИТИЛГЕН ДИСЦИПЛИНАЛАР:
* ЧЕТ ТИЛИ 3 КРЕДИТ - 32 ПРАКТИКАЛЫК СААТ;
* ТЕХНИКАЛЫК ЧЕТ ТИЛИ 5 КРЕДИТ - 64 ПРАКТИКАЛЫК СААТ.
Кафедра бул дисциплиналарды окутууну студенттердин тил билүү деңгээли боюнча топторду бөлүштүрүү менен ишке ашырат (бөлүштүрүү жыл сайын 26-августтан 30-августка чейин жазуу жүзүндөгү тестирлөө жана оозеки маектешүү графигине ылайык жүргүзүлөт).
Жумушчу программалар тилдик эмес ЖОЖдун студенттеринин билгичтигине жана көндүмдөрүнө коюлган талаптарга ылайык модулдук-рейтингдик контролдоо системасын эске алуу менен түзүлгөн.
Программанын спецификасы кеп ишмердүүлүгүнүн угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу түрлөрүнүн өз ара байланыштагы окутуунун методикалык принцибинде жатат.
Жумушчу программа ар бир модуль аяктагандан кийин текшерүү иштерин жүргүзүүнү карайт. Ар бир модуль боюнча билимге, көндүмдөргө жана жөндөмдөргө коюлуучу конкреттүү талаптарга жооп берген контролдук тапшырмаларда жана модулдук тесттерде чагылдырылган. Бүгүнкү күндө студенттер чет тилдер боюнча жыйынтыктоочу сынакты 2 этап менен тапшырышат:
1) жазуу түрүндөгү сынак (тапшырмалар кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыгат жана экзамендик билеттер түзүлөт, алар окуу башкармалыгы тарабынан бекитилет);
2) өтүлгөн темалар боюнча оозеки сурамжылоо.
Жумушчу программага айрым сабактардын план – конспектилери, силлабустар, таркатма материалдар тиркелет. Кафедрада окуу процессинде кеңири колдонулган схема, таблица, альбом, стенд, карта түрүндөгү бай дидактикалык материал менен камсыз.
Ар бир окутуучунун дисциплина боюнча силлабусу, өзүнүн дидактикалык материалдары бар жана студенттердин даярдык деңгээлине жараша тапшырмалар иштелип чыгат. Аткарылышын кафедра башчысы көзөмөлдөйт.
Кафедранын дисциплиналарын методикалык камсыздоо КМТУнун материалдык – техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт. Жумушчу программанын структуралык жана мазмундук компоненттери күндүзгү жана ДОТ колдонуу менен сырттан окутуунун 1-курстарынын студенттери үчүн методикалык көрсөтмөлөр жана сунуштар менен жабдылган. Кафедранын окутуучулары тарабынан окуу-методикалык адабияттар иштелип чыгат, бул окуу процессин уюштуруунун бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат.
Кафедранын жамааты тарабынан англис жана немис тилдери боюнча окуу-усулдук комплекстер: Beginner, Elementary, Pre-Intermediate, Intermediate деңгээлдери боюнча иштелип чыккан. Жумушчу программаларды, силлабустарды, контролдук иштерди, тесттерди, методикалык көрсөтмөлөрдү, глоссарийди камтыган бардык окуу материалдары AVN билим берүү порталына жайгаштырылган.
Кафедрада кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуу процессин ишке ашыруу үчүн керектүү адабияттардын жетиштүү саны бар.
Студенттер КМТУнун китепканасын колдонушат. Ошондой эле окутуучулар тарабынан бардык адистиктер боюнча окуу куралдары, методикалык көрсөтмөлөр, методикалык сунуштар түзүлүп, басмадан чыгарылган.
Немец тили секциясы боюнча 8 методикалык иш иштелип чыкты алар КМТУнун китепканасында www.libkstu.on.kg. аркылуу электрондук түрдө да студенттер үчүн жеткиликтүү.
Англис тили секциясы боюнча 25 окуу жана усулдук колдонмолор иштелип чыгып, басмадан чыккан.
И.Раззаков атн. КМТУ Институттар Электроника телекоммуникация институту Чет тилдер кафедрасы Окуу иштери