Бөлүмдүн долбоору
2023-жылдын 11-октябрында «Лингва» инновациялык билим берүү коомдук фонду, «Лёнинг Уорлд» расмий тест борбору жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда үч тараптуу кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
«Лингва» ИБКФ менен түзүлгөн Меморандумдун максаты — англис тили мугалимдерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кесиптик өнүгүү системасын өркүндөтүү, окутуунун инновациялык технологияларын жана ыкмаларын киргизүү, кесиптик тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, менторлук системасын кеңейтүү, усулдук колдонмолорду жана башка ресурстарды чыгаруу, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын жана иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.
Бул максаттарга жетүү үчүн тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга ниеттенишет:
1. Ар кандай форматтагы (онлайн, оффлайн, гибриддик) тренингдерди, тегерек үстөлдөрдү, вебинарларды, форумдарды, конференцияларды өткөрүү, стажировкалардан өтүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана башка иш-чаралар аркылуу тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү;
2. Мугалимдердин квалификациясын теориялык жана практикалык даярдоо программалары аркылуу жогорулатуу;
3. Англис тили боюнча методист-тренерлерди даярдоо программаларын уюштуруу;
4. Макалаларды, электрондук журналдарды, усулдук колдонмолорду, инновациялык окутуу ресурстары тууралуу маалыматтарды жана квалификацияны жогорулатуу курстарына кабыл алуу тууралуу жарыяларды тараптардын веб-сайттарына жайгаштыруу;
5. Окуу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, окуу процессин усулдук камсыздоодо, окутуучулар менен алмашууда, өз ара жардам көрсөтүүдө, ошондой эле материалдык-техникалык базаны, аудиториялык жана китепкана фонддорун пайдаланууда кызматташуу;
6. Консультацияларды өткөрүү жана биргелешкен илимий иштерге катышуу;
7. Сертификация үчүн документтерди иштеп чыгуу жана тренер-менторлорду сертификациялоо;
8. Квалификацияны жогорулатуу курстарын биргелешип өткөрүү жана катышуучуларды сертификаттоо;
9. Студенттер жана кызматкерлер үчүн англис тилин деңгээлдер боюнча окутуу курстарын уюштурууга көмөк көрсөтүү (коммерциялык негизде).
«Лёнинг Уорлд» ЖЧКсы менен түзүлгөн Меморандумдун максаты — университет менен уюмдун ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттарын өнүктүрүү, англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана студенттерди TOEIC жана/же PTE Academic сыяктуу расмий эл аралык экзамендерге даярдоо болуп саналат. Бул экзамендер тил деңгээлин тастыктап, эл аралык алмашуу программаларына, академиялык мобилдүүлүккө жана башка максаттарга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул максаттарга жетүү үчүн тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
1. Университеттин базасында мугалимдер жана студенттер үчүн эл аралык экзамендер тууралуу маалымат берүүчү кампанияларды өткөрүү;
2. ETS Global жана Pearson VUE расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;
3. Англис тили мугалимдерин максаттуу негизде акысыз даярдоо;
4. Мугалимдерди жана студенттерди TOEIC, PTE Academic экзамендерине акы төлөө негизинде даярдоо;
5. TOEIC жана/же PTE Academic экзамендерин тапшыруу.
30-апрелде Кыргыз-Корея маалыматтык жеткиликтүүлүк борборунда «Лёнинг Уорлд» тест борборунун жетекчилиги астында TOEIC Listening Trial Test жана маалыматтык сессия өткөрүлдү. Бул иш-чарага И. Раззаков атындагы КМТУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Жогоруда аталган «Лингва» фонду менен биргелешкен долбоорлордун алкагында англис тилин билүү деңгээлин жогорулатууга, илимий-изилдөө иштеринде эл аралык деңгээлге чыгууга жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
2025-жылдын 31-январында Норидж тилдик билим берүү институту (NILE) менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык жөнүндө Меморандум түзүлүп, кол коюлду.
Бул Меморандумдун максаты — академиялык байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү, университеттин профессордук-окутуучулук курамын даярдоо жана кайра даярдоо жаатында кызматташуу, ошондой эле тараптардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо болуп саналат.
Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашты:
1. Университеттин окутуучуларын даярдоо жана кайра даярдоо программаларын оффлайн, аралаш жана/же онлайн форматта уюштуруу;
2. Англис тили мугалимдерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
Бул Меморандум NILE жана Кыргызстандагы эки мекеменин ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу келишим болуп саналат жана #AELLCA долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Бишкек шаарындагы алдыңкы окуу жайлардын бири болуп саналат жана келечекте анын англис тили кафедралары жана #PRESETT программасы менен кызматташууну улантууга чоң үмүт артылууда.








