Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Эл аралык ишмердүүлүк


Эл аралык ишмердүүлүк

       Кафедранын кызматкерлери АКШнын Бишкектеги элчилиги менен тыгыз байланышта иш алып барууда, бул тажрыйба алмашуу үчүн англис тилинде сүйлөгөн ыктыярчыларды тартууга, ошондой эле англис тилин эл аралык деңгээлде окутууга көмөктөшөт

     АКШнын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен эне тилинде сүйлөгөндөр тарабынан тренингдерди өткөрүү жана ага тартуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

     Бишкек шаарындагы педагогикалык университеттеринин англис тили мугалимдеринин KGTESOL ассоциациясы түзүлдү, анын максаты англис тили мугалимдеринин окутуунун методикасы боюнча квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

     Кибер коопсуздук жана ишкердик боюнча конок-лекцияларын өткөрүү үчүн АКШдан конок лекторлор тартылууда.

     11-октябрь 2023-жылы Лингва инновациялык билим берүү коомдук фондусу, "Ленин Уорлд" расмий тестирлөө борбору жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлду.