Иш кагаздар

ЧЕТ ТИЛИ БОЮНЧА ОКУУНУН МАКСАТТАРЫ ЖАНА КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАРЫ

(ДЕҢГЭЭЛДЕР БОЮНЧА)

I. Жалпы жобо

Бул документ студенттердин чет тилин өздөштүрүүсүнүн максаттарын жана күтүлүүчү окуу жыйынтыктарын тилдик деңгээлдер (A1–A2, B1, B2) боюнча аныктайт. Документ окуу процессин пландаштыруу жана баалоо иштеринде колдонулат.

II. A1–A2 деңгээли (баштапкы)

1. Максаттары

1.1. Күнүмдүк жана окуу кырдаалдарында баарлашуунун негизги көндүмдөрүн калыптандыруу.
1.2. Адистик багыты боюнча баштапкы кесиптик лексиканы өздөштүрүү.
1.3. Жөнөкөй техникалык тексттерди окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

2. Күтүлүүчү окуу жыйынтыктары

Бул деңгээлди аяктаган студент төмөнкүлөргө жөндөмдүү:

2.1. Күнүмдүк колдонулган сөз айкаштарын жана жөнөкөй сүйлөмдөрдү түшүнүү жана колдонуу.
2.2. Өзүн, адистигин, окуу жайын жана илимий кызыгууларын тааныштыруу.
2.3. Адистик боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн тексттерди окуу жана түшүнүү.
2.4. Формаларды толтуруу, кыска билдирүүлөрдү жана электрондук каттарды жазуу.
2.5. Окуу-кесиптик темалар боюнча жөнөкөй диалогго катышуу.

III. B1 деңгээли (орто)

1. Максаттары

1.1. Окуу-кесиптик чөйрөдө коммуникативдик компетенцияны өнүктүрүү.
1.2. Түп нускадагы техникалык тексттер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу.
1.3. Кесиптик коммуникацияга катышууга даярдоо.

2. Күтүлүүчү окуу жыйынтыктары

Бул деңгээлди аяктаган студент төмөнкүлөргө жөндөмдүү:

2.1. Адистештирилген тексттердин негизги мазмунун түшүнүү.
2.2. Өз адистиги боюнча процесстерди, технологияларды жана жабдууларды сүрөттөө.
2.3. Иш кагаздарын жүргүзүү (суроо-талап каттары, жооп каттар, отчеттор).
2.4. Техникалык темалар боюнча кыскача презентациялар даярдоо.
2.5. Кесиптик маселелерди талкуулоого катышуу.

IV. B2 деңгээли (ортодон жогору)

1. Максаттары

1.1. Кесипке багытталган чет тилдик компетенцияны өнүктүрүү.
1.2. Эл аралык академиялык жана кесиптик чөйрөдө иш алып барууга даярдоо.
1.3. Маалыматты сынчыл талдоо көндүмдөрүн калыптандыруу.

2. Күтүлүүчү окуу жыйынтыктары

Бул деңгээлди аяктаган студент төмөнкүлөргө жөндөмдүү:

2.1. Татаал техникалык жана илимий тексттерди адаптациясыз түшүнүү.
2.2. Аннотацияларды, макалалардын резюмелерин жана техникалык отчетторду жазуу.
2.3. Долбоорлор боюнча чет тилде презентация даярдоо жана өткөрүү.
2.4. Кесиптик сүйлөшүүлөргө жана талкууларга активдүү катышуу.
2.5. Кесиптик терминологияны туура жана орундуу колдонуу.

 

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар