Толкундуу оптика лабораториясы
Толкундуу оптика лабораториясы — оптика жана жарык кубулуштары боюнча лабораториялык сабактарды жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Лабораторияда жарыктын таралуу закондору, интерференция, дифракция, поляризация, спектралдык анализ, ошондой эле жарыктын толкундуу жана когеренттүү касиеттерин изилдөөгө шарттар түзүлгөн.
Лабораториянын жабдууларына интерференция жана дифракция кубулуштарын байкоо үчүн оптикалык комплекстер, поляризациялык приборлор, спектроскоптор, лазер жана башка жарык булагы, ошондой эле заманбап өлчөөчү техникалар кирет.
Лаборатория студенттерде оптикалык приборлор менен иштөө, өлчөө жүргүзүү, натыйжаларды иштеп чыгуу жана жарык кубулуштарын талдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууну, ошондой эле толкундуу оптика тармагында илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнү камсыздайт.

