Механика лабораториясы
Механика лабораториясы — механика боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн каралган. Лабораторияда телолордун кыймыл закондору, материалдык чекиттин жана катуу телонун динамикасы, термелүү процесстер, энергиянын жана импульстун сакталуу закондору изилденет.
Лабораториянын жабдууларына кинематика жана динамика изилдөөчү комплекстери, математикалык жана физикалык маятниктер, Ньютондун мыйзамдары, сакталуу закондору боюнча жабдуулар, ошондой эле заманбап өлчөөчү техникалар кирет.
Лаборатория студенттерде эксперимент жүргүзүүчү практикалык көндүмдөрдү, өлчөө натыйжаларын иштеп чыгуу жана физикалык кубулуштарды талдоо жөндөмүн калыптандырууну камсыздайт.

