Молекулярдык жана термодинамикалык физика лабораториясы
Молекулярдык жана термодинамикалык физика лабораториясы — молекулярдык физика жана термодинамика боюнча лабораториялык сабактарды жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Лабораторияда молекулалардын кыймыл жана өз ара аракеттенүү мыйзамдары, газдардын жана суюктуктардын касиеттери, жылуулук кубулуштары, жылуулук алмашуу процессери, заттын абал өзгөрүүлөрү, ошондой эле термодинамиканын негизги мыйзамдары изилденет.
Лабораториянын жабдууларына температураны, басымды, заттардын жылуулук касиеттерин өлчөөчү комплекстер жана приборлор, молекулярдык процесстерди байкоо үчүн жабдуулар, ошондой эле термодинамика боюнча эксперименттерди жүргүзүүчү жабдуулар кирет.
Лаборатория студенттерде эксперимент жүргүзүүчү практикалык көндүмдөрдү, физикалык чендерди өлчөө, натыйжаларды иштеп чыгуу жана талдоо жөндөмдөрүн калыптандырууну, ошондой эле молекулярдык жана термодинамикалык физика тармагында илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрөт.

