Электртво жана магнетизм лабораториясы

Электртво жана магнетизм лабораториясы — электродинамика жана магниттик кубулуштар боюнча лабораториялык иштерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн каралган. Лабораторияда электр жана магнит талааларынын мыйзамдары, туруктуу жана өзгөрмө токтор, Ом жана Кирхгоф закондору, электромагниттик индукция, заттардын магниттик касиеттерин жана электр тизмелериндеги термелүү процесстери изилденет.

Лабораториянын жабдууларына туруктуу жана өзгөрмө ток электр тизмелерин изилдөөчү комплекстер, каршылыкты, ЭДСди жана чыңалууну өлчөөчү приборлор, соленоиддун магниттик талаасын изилдөөчү жабдуулар, электромагниттик индукция кубулушун изилдөөчү жабдуулар жана заманбап өлчөөчү техникалар кирет.

Лаборатория студенттерде электр тизмелерин куруп иштетүү, өлчөө жүргүзүү, эксперимент натыйжаларын иштеп чыгуу жана электромагниттик процесстерди талдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууну камсыздайт.

Электр жана магнетизм

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар