Ногаева Кулжамал Абдраимовна

Ногоева Кулжамал Абдраимовна
т.и.д, профессор

Кызматы:
«Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер» («ПКБжМП») кафедрасынын профессору.

Билими:
1966–1971-жж. – Ленинград шаарындагы ЛИКИнин химиялык-технологиялык факультети. Адистиги: химиялык технология.
1983–1987-жж. – Москва шаарындагы Органикалык жарым продуктылар жана боёктор илимий-изилдөө институту (НИОПиК).
1987-ж. – химия илимдеринин кандидаты (Москва ш.).
1994-ж. – Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) доценти.
2010-ж. – КМТУнун профессору.
2015-ж. – «Металлургия» адистиги боюнча профессор.
2016-ж. – техника илимдеринин доктору.

Илимий кызыкчылыктары:
Түстүү металлдардын металлургиясы жана пайдалуу кендерди байытуу.

Окуган лекциялык курстары:
– Байытуунун флотациялык ыкмалары
– Пайдалуу кендерди байытуунун технологиясы
– Алтын камтыган рудаларды байытуу
– Байытуучу фабрикаларды долбоорлоо
– Жер астында жана үймө (кучалык) ыкма менен чаймалоо
– Макро- жана нанодисперстүү материалдарды, куймаларды жана буюмдарды өндүрүү
– Металлургиядагы заманбап сорбциялык жана экстракциялык процесстер

Кесиптик ишмердүүлүгү:
2020-ж.–азыркы убакка чейин – «Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер» кафедрасынын профессору.
2008–2020-жж. – «Металлургия жана металлургиялык процесстер» кафедрасынын башчысы, Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университети.
2005–2007-жж. – Кыргыз минералдык чийки зат институтунун жетектөөчү адиси.
2004–2005-жж. – КР Президентинин алдындагы Билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.
1998–2004-жж. – Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун окуу жана илимий иштер боюнча проректору.
1993–1998-жж. – КТМИнин химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы.
1987–1993-жж. – Фрунзе политехникалык институтунун химия кафедрасынын улук окутуучусу.
1980–1987-жж. – ФПИнин даярдоо бөлүмүнүн улук окутуучусу.
1975–1980-жж. – ФПИнин физика-химиялык методдор лабораториясынын кенже илимий кызматкери.
1972–1975-жж. – ФПИнин аспирантурасында окуган.

Сыйлыктары:
2000-ж. – КР Билим берүүсүнүн отличниги (КР БИМ).
2014-ж. – Тоо-металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин Ардак грамотасы.

Эл аралык долбоорлор:
2001–2003-жж. – «Кыргызстанда институционалдык, техникалык жана адам ресурстарын өнүктүрүү» долбоорунун координатору (Канада эл аралык өнүктүрүү агенттиги каржылаган).
2010–2013-жж. – «SWAN» долбоорунун улуттук координатору: Борбордук Азияда суу ресурстарын туруктуу башкаруу (Темпус программасы).
2010–2014-жж. – «Манека» долбоорунун улуттук координатору: Европа жана Борбордук Азия ортосунда академиялык мобилдүүлүк (Эразмус-Мундус).
2014–2015-жж. – «FLEPP» долбоорунун улуттук координатору: англис тилин кесиптик багытта окутуу (Темпус программасы).

Кадрларды даярдоо:
1998–2014-жж. – «Кара, түстүү жана сейрек металлдардын металлургиясы» жана «Пайдалуу кендерди байытуу» адистиктери боюнча 5 техника илимдеринин кандидатын даярдап чыгарган.
2013–2015-жж. – КР УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун алдындагы диссертациялык кеңештин мүчөсү (адистиктер: 05.16.02 – кара, түстүү жана сейрек металлдардын металлургиясы; 25.00.13 – пайдалуу кендерди байытуу).
2015–2020-жж. – 4 аспиранттын, 2 изденүүчүнүн жана 5 магистранттын илимий жетекчиси.

Илимий публикациялар:
190 илимий-методикалык эмгектин автору, анын ичинде 130 илимий макала, 57 методикалык иш, 3 автордук күбөлүк жана 2 патент бар.

Илимий конференцияларга катышуусу:
2002-ж. – Бишкек глобалдык тоо саммитинин алкагында «Кыргызстандын тоолорунун аялдары» конференциясынын тең төрагасы.
2003-ж. – ЕККУнун «Тянь-Шань тоолорунун минералдык-чийки зат ресурстарын өздөштүрүүнүн экологиялык көйгөйлөрү» конференциясынын координатору.
2010–2016-жж. – Жаш окумуштуулар, аспиранттар жана студенттердин илимий-техникалык конференцияларында «Тоо-кен иши» секциясынын төрагасынын орун басары.
2016–2020-жж. – «Пайдалуу кендерди байытуу» секциясынын төрагасы.
2019-ж. – Petrosani (Румыния) шаарында өткөн 2nd International Scientific and Technical Internet Conference «Innovative Development of Resource-Saving Technologies of Mineral Mining and Processing» конференциясынын катышуучусу.

Патенттери:
– Алтын камтыган рудаларды гравитациялык байытуунун калдыктарынан флотациялоо ыкмасы № 87450, 27.05.2014-ж.
– Жезди күкүрт кислотасы менен чаймалоо ыкмасы № 1637, 31.10.2014-ж.

Квалификациясын жогорулатуу:
2001-ж. – Канада, Эдмонтон ш., Альберта университети. Семинар: «Канаданын билим берүү программалары менен таанышуу».
2004-ж. – Финляндия, Хельсинки ш. Семинар: «Орто жана кесиптик билим берүү системасы менен таанышуу».
2009-ж. – Испания, Аликанте университети. Темпус долбоорун ишке ашыруу боюнча координациялык жыйын.
2010-ж. – Берлин техникалык университети. Эразмус-Мундус долбоору боюнча координациялык жыйын.
2011-ж. – Берлин техникалык университети. Эразмус-Мундус долбоорунун координаторлору үчүн жайкы мектеп.
2011-ж. – Алматы, КазНТУ, КазНАУ. Темпус долбоору боюнча аймактык семинар.
2012-ж. – Ташкент, Ирригация жана мелиорация институту. Темпус долбоорунун алкагындагы аймактык семинар.
2014-ж. – Баку, Азербайжан тилдер университети. «FLEPP» долбоору боюнча координациялык жыйын.

Илимий базалардагы профилдери:
Scopus ID: 36789403800
РИНЦ: SPIN-код 1738-3899
Web of Science: ISA-5152-2023
ResearcherID: ISA-5152-2023
Google Scholar: Кулжамал Ногаева
ORCID: http://orsid.org/0000-0001-6618-9852


Кабинет: 11/224

Гр.работы: 09:00-18:00

Стаж работы: 45 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар