улук окутуучу
Мейманова Жээнайым Сагынбековна
1998-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин химия-технологиялык факультетин бүтүргөн. Университетти аяктагандан кийин бир жыл ЖаМУда жогорку лаборант болуп иштеген.
2001–2003-жылдары академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик тоо-кен металлургия институтунун «Химия жана химиялык технология» кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.
2003–2009-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Химия жана химиялык технология» кафедрасынын башкы окутуучусу кызматында иштеген.
2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер» кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенет.
2011-жылдан тартып «Пайдалуу кендерди байытуу» адистиги боюнча изденүүчү. Илимий изилдөө темасы:
«Солтон-Сары кенинин эски хвостторунан алтынды бөлүп алуунун технологиясын иштеп чыгуу».
Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча:
- 12 илимий макала
- 13 окуу-методикалык көрсөтмө
- 1 окуу куралы (КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен) жарыяланган.
2018-жылы Кыргыз Республикасынын Тоо- Кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Эмгек ишмердүүлүгүндө квалификациясын жогорулатуу курстарынан үзгүлтүксүз өтүп, республикалык конференцияларга жана семинарларга катышып келет. Бул сертификаттар менен тастыкталган.
Илимий профилдери:
- Scopus ID: 57209461376
https://www.scopus.com/authid/detail.uri?authorld=57209461376 - Google Scholar:
https://scholar.google.com/citations?view_op=new_articles&hl=ru&imq=%D0%96%D1%8D%D1%8D%D0%BD%D0%B0%D0%B9%D1%8B%D0%BC+%D0%9C%D0%B5%D0%B9%D0%BC%D0%B0%D0%BD%D0%BE%D0%B2%D0%B0# - ResearcherID Web of Science: HPD-7465-2023
- ORCID: https://orcid.org/0000-0003-0727-3039
- РИНЦ (eLibrary): SPIN-код автора: 6876-84

