Молдобаев Эрнис Советович

т.и.к, доцент

Билими:
1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Диплом боюнча адистиги – химик, химия сабагынын окутуучусу.

2005-жылдан тартып техника илимдеринин кандидаты. Диссертациясын КР УИАнын Физика институтунун алдындагы Д 01.94.02 диссертациялык кеңешинде коргогон. КР ЖАКтын 25.01.1996-жылдагы чечими (протокол № 1к-1/4) менен техника илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган.

Илимий наамы – «металлургия» адистиги боюнча доцент. КР ЖАКтын 23.12.2011-жылдагы чечими (протокол № 1дц-2/3).

Жалпы эмгек стажы – 42 жыл.

1975–1980-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетинин күндүзгү бөлүмүнүн студенти.
1980–1981-жж. – Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ИНФХсында кенже илимий кызматкер.
1983–1986-жж. – Москва шаарындагы СССР ИАсынын А.А. Байков атындагы Металлургия институтунун күндүзгү аспиранты.
1986-жылдын декабрынан 1997-жылдын ноябрына чейин – Химия жана химиялык технология институтунун порошок металлургиясы лабораториясында кенже илимий кызматкер, кийин маркетинг жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы.
1997-жылдын ноябрынан 1999-жылдын мартына чейин – Кыргызстандартта жетектөөчү инженер.
1999-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейин – тоо-кен университетинде окутуучулук ишмердүүлүк ар кандай кызматтарда: доценттин милдетин аткаруучу, доцент, «Металлургия жана металлургиялык процесстер» кафедрасынын башчысынын орун басары, кафедра башчысы, окуу иштери боюнча директордун орун басары, тоо-металлургия факультетинин деканы.
Учурда «Пайдалуу кендерди байытуу жана металлургиялык процесстер» кафедрасынын доценти.

ЖОЖдо иштеген мезгилде төмөнкү окуу дисциплиналары боюнча сабак берген:
– Конструкциялык материалдардын технологиясы
– Гидрометаллургиялык процесстердин теориясы
– Электролиттик процесстердин теориясы
– Инженердик ишке киришүү

Учурда бакалаврлар үчүн төмөнкү дисциплиналар боюнча лекция окуйт:
– Пирометаллургиялык өндүрүштөрдүн негиздери
– Гидрометаллургиялык өндүрүштөрдүн негиздери
– Электрометаллургиялык өндүрүштөрдүн негиздери
– Байытуучулар үчүн металлургиялык өндүрүштөрдүн негиздери
– Металлургиялык өндүрүштү автоматташтыруу жана көзөмөл каражаттары
– Байытуу процесстерин автоматташтыруу

Мындан тышкары «Металлургия» багыты боюнча күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы магистранттарга сабак өтөт.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик аттестациялык комиссияларынын ишине бир нече жолу катышкан. Окуу процессин методикалык камсыздоого активдүү катышат: 10 методикалык көрсөтмө жарыяланган. Окутулган дисциплиналар боюнча 6 окуу-методикалык комплекс иштелип чыккан. Авторлоштукта КР БИМдин грифи менен окуу китеби чыгарылган.

Жарыяланган эмгектеринин саны – 26, анын ичинде 1 автордук күбөлүк; алардын 16сы илимий, 10у окуу-методикалык мүнөздө.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги жана КР тоо-кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитетинин ардактуу металлургу. Кыргызстандарттын жана КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.


Приёмная: +312612861

Кабинет: Кампус №3. 2 кабат, 11/224 кабинет

e-mail: ernis.moldobaev@kstu.kg

Гр.работы: 9:00- 18:00

Стаж работы: 26 жыл

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар