окутуучу
Билими: жогорку
2010-жылы Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева университетин «Математика» адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган.
2012–2014-жылдары Кыргызский национальный университет имени Ж. Баласагына магистратурасында окуп, «Теория и методика преподавания физики» багыты боюнча магистр академиялык даражасын алган.
2014–2018-жылдары ушул эле университеттин аспирантурасында билим алып, «Теория и методика преподавания физики» адистиги боюнча илимий изилдөө ишин жүргүзгөн.
Эмгек жолу:
2009-жылы педагогикалык ишмердүүлүгүн Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Мин-Куш айылындагы Жусупа Сары уулу атындагы орто мектепте физика жана математика мугалими болуп баштаган.
2011–2017-жылдары аталган мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп эмгектенген. Бул мезгил аралыгында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун усулдук деңгээлин өркүндөтүү жана окуучулардын жетишкендиктерин арттыруу багытында активдүү иш алып барган.
2017–2024-жылдары Жусупа Сары уулу атындагы орто мектептин директору болуп иштеген. Жетекчилик кызматында билим берүү процессин модернизациялоо, педагогикалык жамаатты уюштуруу жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштерине салым кошкон.
2023-жылдын 1-сентябрынан тартып азыркы мезгилге чейин КГТУ им. И. Раззакова физика кафедрасында окутуучу болуп эмгектенүүдө. Жогорку билим берүү тармагында студенттерге физика сабагын окутуу менен бирге методикалык жана илимий ишмердүүлүк жүргүзүп келет.
Сыйлыктары:
Көп жылдык үзүрлүү жана ак ниет эмгеги үчүн жергиликтүү, райондук жана облустук деңгээлдеги ардак грамоталар менен сыйланган.

