Бердибекова Космира Нурпашовна

ага окутуучу

Билими: жогорку

1987-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетине тапшырып, 1992 –жылы ийгиликтүү аяктап “Физик. Окутуучу” адистигине ээ болгон.

2014-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы Инновациялык кесиптер институнун (ИИП) “Радиотехника” багытынын магистратурасына тапшырып, 2016-жылы ийгиликтүү аяктап “Радиотехника” багыты боюнча Магистр академиялык даражасы ыйгарылган.

Кесиптик тажрыйбасы:           

1992-жылдан бери Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) физика кафедрасында алгачкы жылдары инженер, окуу мастери болуп иштеп 2000-жылы мугалимдик орунга, ал эми  2004-жылы улук  окутуучулук  орунга которулган. 2017-жылы КМКТАУнун  “Мыкты улук окутуучу” наамына ээ болгон. 

Техникалык  жогорку окуу жайларынын биригүүсүнө  байланыштуу 2022-жылдан бери И. Раззаков атындагы КМТУ нун “Физика” кафедрасында улук окутуучу болуп азыркы күнгө чейин иштеп келе жатат.  

Окуу - методикалык ишмердүүлүгү:

22 окуу–методикалык эмгектерди жазышкан. Анын ичинен 2 окуу куралдары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыккан. “ Физика 2 бөлүмү” (авторлош Уметов Э.У.) китеп 2021-жылы  КМКТАУда уюштурулган сынакта “Эң мыкты окуу куралы” деген наамга ээ болгон.


Кабинет: 1 корпус, 438-каб.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар