Раджапова Нааркуль Абдрахмановна

Доцент

Техника илимдеринин кандидаты, «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо»  кафедрасынын доценти,
Н. Исанов атындагы КМКТАУнун Окумуштуулар кеңешинин катчысы.
«Эл агартуу» сыйлыгынын ээси

Фрунзе политехникалык институтун 1973-ж. артыкчылык менен бүтүргөн, адистиги – «Курулуш, жол машиналары жана жабдуулары».
Сыйлыктары:  Кыргыз Республикасынын Ардак баракчасы (2009-ж), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын Ардак баракчасы, Окуу жана билим министирлигинин Ардак баракчасы, «Эл агартуу» төш белгиси.
Илимий эмгектери 65 ге жакын, а.и. 3 окуу куралы, 4 ойлоп табуу патенттери .
1993-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган. 1995-1999-жж. «КТ ЖКМ» кафедра башчысынын орун басары болуп шайланган. 2000-жылдын  август айынан баштап кафедра башчысынын милдетин аткаруучу, 2002-жылы сынактан өтүп, кафедра  башчысы болуп шайланган. 2003-жылдын октябрь айынан Транспорт жана Коммуникация институнунун директорунун орун басары, 2005-жылдын сентябрь айынан баштап ушул күнгө чейин КМКТАУнун Окумуштуулар кенешинин катчысы болуп эмгектенет. 2001-жылы «Механизациялаштыруу жана автоматташтыруу» кесиби боюнча доцент наамы ыйгарылган.


Приёмная: +996312545698

Телефон: 0312545785

Кабинет: 9/132

e-mail: naarkul.radjapova@kstu.kg

Гр.работы: 8.00-17.30

Стаж работы: 50

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар