Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбия иштери


Кафедра 670100 – Жер үстүндөгү транспорт жана технологиялык машиналар жана комплекстер багыты боюнча студенттерге окутуучулар тарабынан окуу-тарбия иштерин жүргүзөт.

Кафедрада окуу-тарбия иштери жыл сайын пландалып, өз алдынча бөлүм катары көрсөтүлөт. Жыл сайын кафедрада тайпалардын кураторлору дайындалат, алар топтор менен тарбиялык иштердин планын түзүшөт жана бекитилген форма боюнча «Студенттик топтун кураторунун журналын» жүргүзүшөт.

Кафедранын окутуучулары студенттердин арасында сергек жашоо образын пропагандалоодо: лекциялык материалда жана сабактарда тамеки чегүү жана спирт ичимдиктерин ичүүнүн зыяндуулугу жана бул адаттар менен байланышкан оорулар – кекиртек рагы, ички кулак оорулары ж.б.

Кафедранын бардык окутуучулары жатаканаларда нөөмөт учурунда жүргүзүлүүчү окуу-тарбия иштеринин класстан тышкаркы формаларына активдүү катышышат. Артта калган окуучулар менен иштөө жана отличниктерди стимулдаштыруу системасы төмөнкүдөй. Ар бир окуу циклинде (5-6 сабактан кийин) артта калгандар тууралуу маалымат дирекцияга берилип, кафедранын жыйналыштарында талданат.

Институттардын директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларынын активдуу катышуусу менен активдуу жекече окуу иштери жургузулуп жатат.

Экзамендерди тапшырууда сабак учурундагы жогорку көрсөткүчтөр эске алынат. Дисциплинанын программаларында кафедранын тарыхына тиешелүү маселелер, адистик боюнча адеп-ахлактык маселелер, инсандын инсандыгын өнүктүрүүгө таасир этүүчү жаран, патриот жана кесипкөй сапаттарды тарбиялоо маселелери камтылган.

Студенттерге транспорттук жана технологиялык машиналар менен комплекстер-дин проблемалары боюнча илимий докладдарды аткаруу дайыма берилип турат.