Абитуриенттерге

Сизди студенттерибиздин арасында көргөнүбүзгө кубанычта болобуз!Кош келиңиз!

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн иш диапазону абдан кеңири. Бул транспорттук жана технологиялык машиналардын иштешине байланыштуу. Алар курулушта, жол-транспорт ишканаларында, тоо-кен тармагында, Ички иштер министрлигинде, Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясында, соттук-медициналык бюродо, камсыздандыруу компанияларында, бажыда ж.б.

Алар транспорттук жана технологиялык машиналарды техникалык эксплуатациялоо, тейлөө иштерин жүргүзүү, транспорттук жана технологиялык машиналарды баалоо, жол кырсыктарын экспертизалоо, транспорт жана курулуш уюмдарында транспорттук жана технологиялык машиналарды тейлөө жана оңдоо, сатуу, даярдоо жана башкаруу системасында, транспорттук жана технологиялык машиналарды тейлөө, ири тейлөө комплекстеринин системасында иштешет. Мындан тышкары биздин бүтүрүүчүлөр транспорт бөлүмдөрү, тейлөө бөлүмдөрү бар өнөр жай ишканаларында иштей алышат.

Бул багыттын бүтүрүүчүлөрү жол куруу иштерин аткара алышат, алар каз тамандуу жана дөңгөлөктүү агрегаттарды, өзү жүрүүчү моделдерди, кол жана монтаждалуучу түзүлүштөрдү, иштете алышат. Мунун баары иш процессин мүмкүн болушунча оптималдаштырууга жана жол куруу тармагындагы жумушчулардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

Атайын техниканын негизги функцияларын жогорку деңгээлде аткарып, узак убакыт бою кызмат кылышы үчүн, аларды тандоого чоң жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Ар бир машина жогорку сапатта чогултулган болушу керек, ал эми колдонулган бардык запастык бөлүктөр жана механизмдер эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бериши керек.

Кафедранын бүткүл тарыхында бизден бир дагы бүтүрүүчүбүз ишке орноштуруу кызматына кайрылган эмес. Тескерисинче, бүтүрүүчүлөрүбүз үчүн кандайдыр бир компания же мекеме келбей турган бир жума да болбойт. Ар бир студентке иш жүзүндө келечектеги жумуш дайындалат. Экинчи курстан баштап студенттер кесипти жакшы билишет жана алар кайда иштей турганы же иштей ала тургандыгы жөнүндө жакшы түшүнүккө ээ болушат. Бул жагынан, жайкы практиканы аяктоодо албетте, эч кандай маселе болбойт. Көптөгөн адамдар үчүн жумушка орношуу маселеси иш жүзүндө чечилбей турган ушундай оор мезгилде биздин бүтүрүүчүлөрүбүздө жумуш маселеси жок экени кубандырат. Алардын дагы бир көйгөйү болушу мүмкүн – айлык акысы жогору орун табуу. Элүү миң айлыкка тойбосо алтымыш, алтымышка тойбосо жетимиш миңдик айлык издешет.

Бул профилдер биздин өлкөдө гана эмес, бүткүл дүйнөдө элиталык адистиктерге кирет. Адистерге болгон муктаждык ар дайым туруктуу. Кыргыз Республикасынын өнүгүү болжолуна ылайык, жыл санап транспорттук жана технологиялык машиналар паркы өсө берет. Эгерде жабдуулар сатылса, аларды тейлөө керек.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында транспорттук-технологиялык транспорт каражаттарынын (Автозавод Ревон. Бишкек) жана электромобилдердин («Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧК Ош) чыгаруу күтүлүүдө. Өндүрүш да квалификациялуу адистердин катышуусун талап кылат. Борбордук Азиянын дээрлик бардык шаарларында бир нерсе болуп жатат: Бишкектин, Ташкенттин жана Алматынын ар бир кварталында, ар бир көчөсүндө курулуш крандары, көп кабаттуу үйлөр бар, жүк ташуунун көлөмү күн сайын кеңейүүдө, ошондуктан транспортук жана технологиялык машиналарга тиешелүү адистиктер зор суроо-талапка ээ. Бүгүнкү күндө ТТМЭ кафедрасынын ар бир бүтүрүүчүсү бир нече сунуштарга ээ. Жакынкы аралыкта биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө суроо-талап мындан да күчөйт деп ойлойм.

Анан техникалык адистик, башка жумуш ордуна барса, техниканы тез эле өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин студенттер бардык негизги техникалык дисциплиналарды окушат: материалдардын каршылыгы, механизмдердин жана машиналардын теориясын, теориялык механиканы жана башкаларды жакшы билишет. Алар ичинен күйүүчү кыймылдаткыч же транспорт эле эмес, кандай гана болбосун машина кандай иштей турганын билишет. Алар кеңири техникалык билими бар инженерлер.

– Сиздердин профилдериңизде кыздар окушабы?

- Азыр транспорттук жана технологиялык машиналарды айдаган кыздардын саны көбөйдү! Кийинки учурларда кыздар биздин профилдерге окууну каалашат же жок дегенде механик достуу болгусу келишет. Биздин адистиктерибиз да, келечектеги адистерибиз да абдан пайдалуу, ишенимдүү жана келечектүү!

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар