Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Джолдошев Бекжан Кумушбекович


Джолдошов Бекжан Күмүшбекович
ага окутуучу

Транспорт жана экология инстиутунун «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо»  кафедрасынын улуу окутуучусу.

Билими жогорку. Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетин  2006-жылы, «Автомобиль жана  автомобильдер чарбасы » адистигине ээ болгон. 2007- жылдан баштап аспирантурага сырттан окуу бөлүмүнө тапшырган. 
Квалификациясын жогорулатуу курсун 2008-жылы «Инженердик Технологиялар жана Экономика», 2010-жылы «Компьютердик билимин жогорулатуу» , 2011-жылы «DiqitalTachoraphs» аяктаган.
Эң мыкты илимий эмгеги үчүн жаш окумуштуулар арасынан мамлекеттик сынактын лауреаты. 2011-жыл.
2008-жылы Транспорт жана коммуникациялар институтунун ардак грамотасына татыган. 2015-жылы Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура Университетин ардак грамотасы менен сыйланган. 
«КыргызРеспубликасында транспорт каражаттарын классына жана типине жараша туура пайдалалуу» деген темада кандидаттык диссертациянын үстүнөн иштеп жатат.
20 илимий эмгектин ээси, алардын ичинен 15 макала жана 4усулдук көрсөтмө.


Приёмная: +996312545698

Телефон: 0312545698

Кабинет: 9/132

Гр.работы: 8.00-17.30