Шаимбетов Джекшенбек Акматович
техника илимдеринин кандидаты, кафедрасынын доценти. И.Раззаков атындагы КМТУ «Имараттарды долбоорлоо, куруу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш».
И.Раззаков атындагы КМТУ нун “Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш” кафедрасынын доценти, т.и.к..
Илимий даражасы, илимий наамы – техника илиминин кандидаты, илимдин тармагы техникалык. Адистиктин коду -05.23.08 и 05.05.04
«Өнөр жай жана жарандык курулуштун технологиясы жана уюштуруусу» адистиги боюнча улук илимий кызматкер илимий наамы. Дайындоо датасы09 ноября 1995 г. КР ЖАК
Илимий даражасы - мүчө-корреспондент. Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш академиясы. Шайлоо датасы 2002-жылдын 27-августу.
Стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык илимий-техникалык комиссиянын (СМАИТК) мүчөсү.
Билими: жогорку, ФПИ, 1972, Өнөр жай жана жарандык курулуш (ПГС), квалификациясы – инженер-куруучу.
Иштеген жери, кызматы – И.Раззаков атындагы КМТУ нун “Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш” кафедрасынын доценти, т.и.к..
Эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги этаптары:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сейсмикалык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту. Техникалык жөнгө салуу жана инженердик долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы 2014-жылдан азыркы учурга чейин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары 2002-2014-ж.
3. Мамкурулуштун илим бөлүмүнүн башчысы, техникалык жөнгө салуу жана аккредитация бөлүмүнүн башчысы 1994-2002-ж.
4. ФПИнин илимий кызматкери, улук окутуучусу 1974-1994-ж
5. Кочкор районунун МСОсунун мастери, прорабы 1972-1974-жж
Басылмалары: Басылмалардын саны – 28, анын ичинде. илимий - 26
Сыйлыктары: «Манас» -1000 медалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы; «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» наамы.
Илимийометрикалык маалымат базаларындагы профилдер: 1. ORCID: https://orcid.org/0009-0004-2559-2361 2. Scopus Author ID: Jekshen Akmatovich 3. РИНЦ AuthorID: SPIN-код: 30237655 4. Google Scholar: Шаимбетов Дж.А. 5. researchgate.net Djekshen Shaimbetov
6. ResearcherID Web of Science: HTR-1927-2023