Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

[Translate to Кыргызча:] Маматов Жаныбек Исакович


Маматов Жаныбек Ысакович
И. Раззаков атындагы КМТУнун, Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору.

Илимий даражасы, илимий наамы – физика-математика илимдеринин кандидаты, адистиги 01.02.04 – “Деформациялануучу катуу дененин механикасы”, “Курулуш” адистиги боюнча доцент – 2009-ж.

Билими: жогорку, КАСИ, 1993, Өнөр жай жана жарандык курулуш (ПГС), квалификациясы – инженер-куруучу.

Иштеген жери, кызматы – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, «Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш» кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу.

Эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги этаптары:

1987 – 1993 ФПИ, БПИ, КАКИ, студент;

1993-жылдын августунан - 1995-жылдын декабрына чейин «Металл жана полимердик конструкциялар» кафедрасында стажер-изилдөөчү, инженер;

1995-жылдын декабрынан 1998-жылдын ноябрына чейин КАКИнин, КМКТАУнун аспиранты;

1998-жылдын декабрынан - 2001-жылдын августуна чейин, Н. Исанов атындагы КМКТАУнун “Теориялык механика жана материалдардын каршылыгы” кафедрасында окутуучу;

2201-жылдын августунан  – 2005-жылдын апрелине чейин, Н. Исанов атындагы КМКТАУнун “Теориялык жана прикладдык механика” кафедрасында ага окутуучу;

2005-жылдын апрелинен  - 2006-жылдын мартына чейин, Н. Исанов атындагы КМКТАУнун “Теориялык жана прикладдык механика” кафедрасында  доценттин милдетин аткаруучу;

2006-жылдын мартынан  - 2006-жылдын  июнуна чейин, Н. Исанов атындагы КМКТАУнун “Ландшафт архитектурасы жана шаардык дизайн жана архитектоника” кафедрасында, кафедра башчысынын  жана доценттин милдетин аткаруучу;

2006-жылдын июлунан - 2017-жылдын августуна чейин Н. Исанов атындагы КМКТАУнун «Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш» кафедрасынын башчысы, доценти;

2017-жылдын августунан - 2022-жылдын августуна чейин Н. Исанов атындагы КМКТАУнун Курулуш жана технологиялар институтунун директору жана «Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана жер титирөөгө туруктуу курулуш» кафедрасынын башчысы, профессорудун милдетин аткаруучу;

2022-жылдын сентябрынан азыркы учурга чейин И. Раззаков атындагы КМТУнун, Н. Исанов атындагы “Кыргыз инженердик-курулуш институтунун” директору.

Кесиптик сертификаттар:

а) Мамлекеттик жароо даражалык сертификат “инженер – куруучу - конструктор” ПР-5.1 № 001282 - колдонуу мөөнөтүн чектөөсүз;

б) Мамлекеттик жароо даражалык сертификат “инженердик кызматтар боюнча адис ” И-11.1 № 001283- колдонуу мөөнөтүн чектөөсүз;

в) Мамлекеттик жароо даражалык сертификат “имараттарды жана курулмаларды текшерүү боюнча” ПР-10.2. №001284 - колдонуу мөөнөтүн чектөөсүз;

г) Мамлекеттик жароо даражалык сертификат “имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкцияларын жасоодо, сапатын контролдоону жана ишке ашырууну уюштуруу боюнча адис” СМ-5.1  №029570 - жарактуулук мөөнөтү 17.01.2022 жылдан 17.01.2027 ж.

д) Мамлекеттик жароо даражалык сертификат “инженер - долбоордун жетекчиси (ИДЖ) ПР-3.1  №033021 - жарактуулук мөөнөтү 21.11.2019 жылдан 21.11.2024 ж.

Улуттук консультант – ЮНИСЕФ-Кыргызстан – 2010-ж.

Басылмалары: 150дөн ашык илимий-методикалык басылмалар, 5 патент жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү басылган 2 окуу китеби: 1) «Архитектуралык долбоорлоонун жана жер титирөөгө туруктуу курулуштун негиздери» - 2015-ж. – авторлор: Маматов Ж.Ы., Кожобаев Ж.Ш., Ордобаев Б.С., Матозимов Б.С.;

2) "Коопсуз үйлөрдү тургузуу жана тургузулган үйлөрдү бекемдөөнүн ыкмалары" -2017. - автор - Маматов Ж.Ы.

Доктордук диссертациянын темасы: ««Аз кабаттуу үйлөрдүн талкаланышы жана бузулунуу процесстерин моделдештирүү»;

Илимий багыты: Үч багыт боюнча илимий изилдөөлөр: жер титирөөгө туруктуу курулуш; курулуш процессинин технологиясы; курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин гранттык долбоорлору боюнча теманын жетекчиси – 2006-2021-жж.

Эл аралык долбоорлор: 1. «Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы 38 жамааттык тибиндеги балдар бакчаларынын имараттарынын коопсуздугун алдын ала (визуалдык) текшерүүнүн жыйынтыгы» - ЮНИСЕФ КИРА, DIPECHO VI долбоору боюнча - 2010-ж. 2. «Кыргыз Республикасындагы мектеп имараттарынын сейсмикалык мүнөздөмөлөрүн изилдөө жана баалоо» - Дүйнөлүк банктын «Мектеп коопсуздугун жогорулатуунун глобалдык программасы – GPSS» долбоорунун алкагында-2019-2020.

Сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы – 2007-ж., Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги – 2009-ж; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы-2016-ж; Кыргыз Республикасынын Ардактуу куруучусу -2022-ж.

Researcher ID (WoS): Mamatov, Zhanybek

ORCID: orcid.org/0009-0005-9811-3170

Scopus:   Scopus Mamatov   

ScholarGoogle: Жаныбек Маматов


Приёмная: 54-57-83,

Телефон: 0500-270768, 0779-270768,

Кабинет: 2 компус, 3 корпус 207 кабинет

e-mail: janybek@mail.ru;

Стаж работы: 36 лет