Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Мамыров Кубанычбек Токушевич


Мамыров Кубанычбек Токушевич
«Темир-бетон» лабораториясынын башчысы жана ПВЗИСС кафедрасынын ага окутуучусу

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана сейсмотуруруктуу курулушу» кафедрасынын «Темир-Бетон» лабораториясынын башчысы Мамыров Куванычбек Токушевич.

Мамыров К.Т. 1976-жылы Фрунзе автожол техникумун, 1988-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженер-курулуш факультетин инженер-куруучу квалификациясы менен автомобиль жолдору адистигин аяктаган. 1979-жылдан Жол унааларын куруу (СДМ) кафедрасында инженер болуп иштеген. 1982-1988-жылдары улук инженер, илимий иштер боюнча жетектөөчү инженер, ч/т 10/82; 9/82 «Автоунаа жолдору» кафедрасынын Ысык-Көл ПЛУАД, Талас ПЛУАД жана Памир-Тракт автожол башкармалыгынын «Автоунаа жолдорун инспекциялоо жана алардын транспорттук-эксплуатациялык сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу» менен алектенген, 6 илимий эмгектин автору.

1989-жылдан 1991-жылдын мартына чейин Тармактар аралык илимий-инженердик «Шумкар» бирикмесинде, «Терминал» МК жана «Аракет» МКда жетектөөчү инженер. 1991-жылдын март айынан тарта Автоунаа жолдору кафедрасында лаборант, 1992-жылы КАКИнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кафедрасына окутуучу болуп которулган. 1993-жылдын июнь айынан 1994-жылдын июлуна Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн бпшкаруучусу.1995-жылдын сентябрынан 1997-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш министрлигинин курулуш жана өнөр-жай материалдары башкармалыгынын башкы адиси. 1997-1999-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын инженердик-техникалык бөлүмүнүн башкы адиси.

 

2009-жылдын сентябрынан бери «Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана сейсмотуруруктуу курулушу» кафедрасынын «Темир-Бетон» лабораториясынын башчысы  жана ага окутуучусу болуп эмгектенет. Квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаты бар: Президенттик Мамлекеттик Академиясынын № 1752 “Рынок экономикасындагы мамлекеттик башкаруу” күбөлүгү; 1998-жылы Архитектура жана курулуш министрлигинин сериясы СМ-2.1 No 000071 "Автомобиль жолдорун куруу боюнча адис" күбөлүгү. 2003-жылдын 27-августунан 30-августуна чейин «Улуттук стандарттарды европалык жана эл аралык стандарттар менен гармонизациялоо” жана “Товарлардын эркин жүгүртүүсүнө карата Европа Биримдигинде колдонулуучу стандарттар жана техникалык регламенттер” сертификаты; 2016-жылдын 14-январы Бишкек шаарынын «Сапатты башкаруу системасы жана энергияны үнөмдөө боюнча германиялык комитеттердин мисалында техникалык комитеттердин ишин уюштуруу»; 2016-жылдын 23-25-февралы Бишкек шаарынын «Мамлекеттик-жеке диалог, эл аралык талаптарга жана алдыңкы тажрыйбага ылайык стандартташтыруу жана техникалык жөнгө салуу жол-жоболору»; 2019-жылдын 9-сентябрынан 11-сентябрына чейин өнөр-жай коопсуздугу боюнча инспекторлор жана ыйгарым укуктуу адамдар үчүн тренингге катышуу «Ийгиликтүү аудит үчүн инструменттер» темасы боюнча – 01 модулу; 2020-жылдын 23-январы «Билим берүү программаларын аккредитациялоо программасы боюнча окуу курсунан өттүм» Өзүн-өзү баалоо; 2020-жылдын 24-февралында “Биргелешкен эл аралык аккредитация” билим берүү программалары үчүн вебинар тренингине катышкан; Training Course Module 02 for Inspectors and Assigned Persons of Industrial Safety 01 08 and 15 JuIy 2020г.;  2021-жылдын 29-сентябрында Германия Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) жана ALPHA Consulting GmbH тарабынан МЖӨ долбоорун иштеп чыгуунун алкагында “Техникалык жөнгө салуу – Эл аралык сооданын натыйжалуулугун жогорулатуунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү” деген темада эл аралык онлайн конференция өткөрүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы үзүрлүү эмгеги,  жогорку квалификациядагы  адистерди даярдоого жана тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн «Имараттарды долбоорлоо, тургузуу жана сейсмотуруруктуу курулушу» кафедрасынынулук окутуучусу, «Темир-Бетон» лабораториясынын башчысы Мамыров Куванычбек  Токушевичтин грамоталарменен сыйланган:                                      

Ардак грамота КМКТжАУ им. Н.Исанова 2017ж.

Ардак грамота Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министирлиги 2019ж.

Ардак грамота Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Стандартташтуруу жана метрология боюнча борбору 2022ж.

Ардак грамота Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2022ж.

Ардак грамота Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору 2022ж.

Ардак грамота Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Архитектура,курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институту 2023ж.

Улуу окутуучу Мамыров Куванычбек Токушевич «Метрология, стандартташтыруу, сертификация жана сапатты көзөмөлдөө  негиздери» деген темада лекция окуйт. ИДТжСК кафедрасынын профоргу, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (ТК-52) Стройтехнорм-52 техникалык комитетинин төрагасы, гр.ПЗ-1-22 кураторы Мамыров К.Т. ак көңүл, адилет, жоопкерчиликтүү жана аткаруучу, жамаат арасында урмат-сыйга ээ.

1. ORCID:  https://orcid.org/0009-0003-0592-7016
2. Scopus Author ID: 55247323200
3. РИНЦ AuthorID:  SPIN-код: 4734578877
4. Google Scholar: Мамыров К.Т.
5. researchgate.net   Mamyrov  K.

6. ResearcherID Web of Science: HPE-9993-2023

 

 

 


Приёмная: 0312 54-59-11

Телефон: 0312 54-59-11

Кабинет: 2 компус 3 корпус 407 бөлмө

e-mail: k.mamyrov@kstu.kg

Стаж работы: 48 жыл