Дыканалиев Калыбек Мукашевич

Окуу башкармалыгынын башчысы

Билими
1981–1986-жж. – Белорус политехникалык институту,

адистиги: машина куруу,

квалификациясы: Машина куруу тармагындагы дисциплиналар боюнча инженер–педагог;
1991–1993-жж. – КР Улуттук илимдер академиясынын «ИМПУЛЬС» ИИБ, аспирантура;

2001-ж. – техника илимдеринин кандидаты 05.02.18 «Механизмдер жана машиналар теориясы» адистиги боюнча;

2003-ж. – КРдин билим берүүнүн отличниги;

2008-ж. – Эл аралык инженер-педагог (IGIP, RUS-Moscow, Sep, 2008, KGR-005).

Эмгек ишмердүүлүгү

2021-жылдан азыркы убакка чейин – Окуу башкармалыгынын башчысы;

2017–2021-жж. – «Инженердик педагогика» кафедрасынын доценти;

2010–2017-жж. – «Инженердик педагогика» кафедрасынын башчысы, доцент;

2007–2010-жж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун Аралыкта окутуу жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун орун басары;

2007-ж. (04–09) – Аралыкта окутуу жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директорунун милдетин аткаруучу;

2005–2007-жж. – «Инженердик педагогика» кафедрасынын доценти Дистанттык окутуу борборунун  директорунун орун басары;

2003–2005-жж. – «Инженердик педагогика» кафедрасынын башчысы, доцент;

1996–2003-жж. – «Инженердик графика» кафедрасынын ага окутуучусу, доцент;

1993–1996-жж. – «Инженердик педагогика» кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу;
1991–1993-жж. – КР УИА аспиранты;

1988–1991-жж. – «Графика» кафедрасынын стажер-окутуучусу, окутуучусу, стажер-изилдөөчү;

1986–1988-жж. – ФПИнин «Техникалык физика» кафедрасынын окуу мастери, улук инженери.

 

Илимий-изилдөө иштери
ИИИдин тематикасы: «Кесиптик билим берүүнүн заманбап көйгөйлөрү».


2016–2017-жж. – И. Раззаков атындагы КМТУнун физико-техникалык көйгөйлөрдүн илимий-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери.


30дан ашуун илимий жана методикалык иштин, анын ичинде 2 ойлоп табуу боюнча патенттин (алардын бири – КРдин предпатенти), 15 окуу-методикалык иштердин, 13 илимий макаланын (5 РИНЦ) автору.


Германия жана Казакстанда илимий жана окуу стажировкаларынан өткөн.

 

Кызматтык милдеттери

Окуу башкармалыгын башчысы:

• Башкармалык кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүп, алардын эффективдүү иштөөсүн камсыз кылат.

• Окутуу пландарынын шаблондорун иштеп чыгат, жумушчу окуу пландарын түзөтөт жана алардын аткарылышын, билим берүү программаларынын (ББП) ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.

• Институттар, жогорку мектептер жана колледждер боюнча окуу жүгүн эсептөөнү жана кафедралар тарабынан педагогикалык курамдын (ПК) жүгүн өз мөөнөтүндө бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөйт.

• Окуу жүгүн бөлүштүрүүнү көзөмөлдөп, ПКнын оптималдуу штаттык бирдиктерин түзүүгө шарт түзөт.

• Кафедра окутуучуларынын окуу жүгүн аткаруусун талдап, анализдин жыйынтыктарын АИ боюнча проректорго сунуштайт.

• Университеттин сааттык фондунун түзүлүшүн жана анын рационалдуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт.

• Окуу бөлүмүнүн иштеринин пландарын иштеп чыгып, АИ боюнча проректорго бекитүүгө берет жана алардын так аткарылышын камсыз кылат.

• Окуу бөлүмүнүн баардык документациясынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт.

• Окуу процессинин календардык графигин түзүп, анын аткарылышын көзөмөлдөйт.

• Студенттердин кыймылы боюнча эсеп жүргүзөт.

• Окуу бөлүмүнүн документациясын номенклатурага ылайык жүргүзүү, аларга кызматтык гана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана сакталуу талаптарын аткарууну уюштурат жана көзөмөлдөйт.

• Институттар, жогорку мектептер жана филиалдар тарабынан сабактардын, экзамендердин, консультациялардын жана студенттердин өз алдынча ишинин расписаниесин өз убагында жана сапаттуу түзүлүшүн, аудиториялык фондду рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууну уюштурат жана көзөмөлдөйт.

• Жаңы окуу жылына даярдык үчүн аудиториялык жана лабораториялык фонддун, кафедралардын материалдык-техникалык базасынын абалын көзөмөлдөйт жана мезгил-мезгили менен текшерип турат; аудитория фондунун жүктөлүшүн көзөмөлдөйт.

• МАКтың курамдарын бекитүү үчүн төрагалардын жана мүчөлөрдүн талапкерлигин даярдоо иштерин уюштурат жана көзөмөлдөйт.

• МАКтын ишинде графиктердин, тиешелүү жоболордун талаптарынын сакталуусун, сапаттуу өткөрүлүшүн, документтештирилишин, жыйынтыктарынын чыгышын жана отчеттордун берилишин камсыз кылат.

• Студенттердин баардык түрдөгү практикаларын көзөмөлдөйт.

Начало формы

 


Телефон: +996 312 560 995

Кабинет: 1/203

e-mail: kdykanaliev@kstu.kg

Гр.работы: 9-17:45

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар