Адис
Кызматтык милдеттери
Окуу процесстерин уюштуруу боюнча маалыматтарды жыйноо, иштетүү жана берүү процессин интеграциялоо жана автоматташтыруу аркылуу AVN маалыматтык камсыздоону жакшыртууну көзөмөлдөө.
AVN системасын колдонуу боюнча кызматкерлерге телефон жана электрондук почта аркылуу консультация берүү.
AVN маалыматтык системасынын жаңы версияларын жаңылоо жана зарыл болгон таблицаларды жана отчетторду кошуу.
AVNдин бардык программалары менен иштөөнү жана аларды көзөмөлдөөнү, каттоо (кайра каттоо) тартибин жана билим берүү порталын жүргүзүү.
Кызматкерлерди каттоо (логин, пароль берүү) жана аккаунттарды бөгөттөн чыгаруу.
Академиялык календарга ылайык ведомостторго баа коюу үчүн жеткиликтүүлүктү ачуу графигин түзүү.
Студенттерди окуу планына ылайык дисциплиналарга каттоо жана кредиттерин тууралоо.
У.Асаналиев атындагы КТ-КИ институттун 3-кампусу үчүн күндүзгү окуу формасынын сабактарынын расписаниесин жылына 2 жолу түзүү (май, июнь, июль, август, сентябрь – 1–5-курстар; октябрь, ноябрь, декабрь, январь, февраль – 1–5-курстар) жана сырттан окуу формасы үчүн да жылына 2 жолу (сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь, январь, февраль, март, апрель, май).
Каттоодон кийин расписаниени түзөткөндү жүргүзүү жана күзгү, жазгы семестрлер үчүн өзгөртүүлөрдү көзөмөлдөө.
Окуу сабактарынын расписаниесин окуу башталганга чейин 10 күн мурун даярдоо.
Аудитордук фондду бөлүштүрүү.

