Окуу-методикалык иштер боюнча башкы адис
Кызматтык милдеттери
- Окуу-методикалык документацияны иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана өркүндөтүү.
- Окуу китептерин жана окуу колдонмолорун даярдоонун жылдык жана келечектүү пландарын түзүү.
- Басма планынын жетекчилик жана окуу жайдын түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашылышын камсыз кылуу.
- Материалдарды даярдоо жана тапшыруу мөөнөттөрүнүн сакталышын көзөмөлдөө.
- Окуу басылмаларын рецензиялоого жана Билим берүү министрлигинен гриф алууга жөнөтүү үчүн документтер топтомун түзүү.
- Кол жазмаларды басмаканага же типографияга өткөрүү үчүн даярдоо.
- Басма стандарттарынын сакталышын көзөмөлдөө.
- Авторлорго басылмаларга коюлуучу талаптар жана гриф берүү тартиби боюнча кеңеш берүү.
- Кафедралар, дирекциялар, басмакана жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен өз ара кызматташуу.
- Окуу-методикалык кеңештердин, жумушчу топтордун жана жыйындардын ишин уюштуруу жана өткөрүү.
- Дисциплиналар аралык комплекстүү экзамендер, багыттар жана адистиктер боюнча мамлекеттик экзамендер, дипломдук долбоорлорду, квалификациялык иштерди жана магистрдик диссертацияларды коргоо боюнча мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү.
- Студенттер боюнча МАКты жылдырууга байланыштуу буйруктарды даярдоо.
- Бүтүрүүчү кафедралар тарабынан дипломдук долбоорлордун, квалификациялык иштердин темалары өз убагында бекитүүгө сунушталышын көзөмөлдөө.
- дипломдук долбоорлорду, квалификациялык иштерди жана магистрдик диссертацияларды коргоо жыйынтыктары боюнча кафедралардын МАК отчетторун чогултуу жана университеттин МАК иши боюнча жалпы отчетту түзүү.
- ОБнун материалдык баалуулуктарына байланыштуу бухгалтерияга керектүү ар кандай документацияны түзүү жана расмийлөө.

