Башкы адис
Билими:
Жогорку — Кыргыз мамлекеттик университети, «Тарых» адистиги (1984-ж.)
Кызматтык милдеттери:
Билим берүү жөнүндө документтерди даярдоо үчүн КР Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигине (КР ИЖББжИМ) заявкаларды жөнөтөт;
Кафедраларда, институттарда/жогорку мектептерде, филиалдарда, колледждерде, ОКББ бөлүмдөрүндө билим берүү тууралуу документтерди даярдоого керектүү баштапкы маалыматтарды уюштурууну камсыздайт, ошондой эле материалдык жооптуу адамдарды дайындоо жөнүндө буйруктарды, дипломдорго заявкаларды жана дипломдор боюнча маалымат тапшыруу графиктерин даярдайт;
Билим берүү документтерин даярдоо үчүн маалыматтарды, анын ичинде кайра чыгаруу, дубликаттар боюнча маалыматтарды чогултат жана аларды КР ИЖББжИМге өткөрүп берет;
Структуралык бөлүмдөргө дайындалган даяр билим берүү дипломдорун берүү боюнча каттоо жана эсепке алуу иштерин жүргүзөт жана көзөмөлдөйт;
«diplom.edu.gov.kg» порталы аркылуу электрондук диплом толтурууга жооптуу кызматкерлердин ишин көзөмөлдөйт;
Билим берүү жөнүндө документтерди даярдоо үчүн жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча КМТУнун бухгалтериясы жана ААК «Учкун» менен текшерүү актыларын жүргүзөт;
- Дипломдун дубликаттарын даярдоону, сактоону жана берүүнү уюштурат;
Билим берүү документтерин даярдоо процессин уюштурууга байланыштуу материалдарды жана отчетторду даярдайт;
Диплом даярдоонун тартиби:
КР ИЖББжИМ → КМТУ → ОАО «Учкун» типографиясы → КМТУ.

