Шапошникова Оксана Евгеньевна

Окуу башкармалыгынын башкы адиси

Билими:

Жогорку — Кыргыз техникалык университети, «Экономикадагы математикалык ыкмалар жана операцияларды изилдөө» адистиги боюнча (2000-ж.)

Кызматтык милдеттери:

  • Техника жана технология тармагындагы билим берүү боюнча Окуу методикалык бирикменин секретары катары жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу процессине катышат жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт, ошондой эле окуу китептерине жана окуу колдонмолоруна Министрликтин грифин ыйгаруу боюнча Окуу методикалык бирикменин корутундуларын даярдайт;

  • Бардык окуу формалары боюнча жаңы окуу жылына карата жумушчу окуу пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү иштерин көзөмөлдөйт, ошондой эле мурда бекитилген пландардын окуу дисциплинарын бирдиктүү кылуу багытында корректировкалоону жүргүзөт;

  • Университеттин маалыматтык системасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткарат, атап айтканда AVN11 программасында (AVN МСке жумушчу окуу пландарын киргизүү программасы) иш алып барат;

  • Университеттин бардык билим берүү деңгээлдери жана окуу формалары үчүн жаңы окуу жылына карата Академиялык календарларды иштеп чыгып, ректоратта бекитет;

  • Университеттин окуу процессин жөнгө салуучу жана камсыздоочу буйруктарды, тескемелерди, көрсөтмөлөрдү жана башка нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;

  • Университет жетекчилигине окуу иштери боюнча отчетторду жана башка статистикалык маалыматтарды өз убагында даярдап, тапшырып турууну камсыздайт.


Телефон: +996 312 56-13-98

Кабинет: 1 /229

e-mail: о.shaposhnikova@kstu.kg

Гр.работы: 9-00 до 17-45

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар