Окуу башкармалыгынын башкы адиси
Кызматтык милдеттери
лекциялык агымдарды жана студенттердин контингентин окуу жүгүн эсептөө үчүн текшерет;
профессордук-окутуучулук курамдын оптималдуу штаттарын түзүү максатында бөлүштүрүлгөн окуу жүгүн пландаштыруу жана анын фактикалык аткарылышын көзөмөлдөйт;
университеттин сааттык фондун түзүүнү камсыздайт жана анын рационалдуу пайдаланышын көзөмөлдөйт;
кафедралардын окутуучулар курамы тарабынан аткарылган сааттык фондун 1С системасында текшерет жана бекитет;
штаттык расписаниелерге жана сааттык фондго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча буйруктардын долбоорлорун иштеп чыгат;
кафедра окутуучулары тарабынан аткарылган окуу жүгү боюнча отчеттордун өз убагында тапшырылышын камсыздайт жана талдоонун жыйынтыктарын окуу башкармалыгынын башчысына берет.

