Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Чукбаева Айгуль Мажитовна


Чукбаева Айгуль Мажитовна
улук окутуучу

1990-жылы Чыгыш Сибирь Технологиялык Институтун «Булгаары жана мех технологиясы» адистиги боюнча аяктаган. Квалификациясы: инженер-химиктехнолог. 1990-1992-жылдары Аламүдүн тери фабрикасынын тери-боё цехинин устаты. 1992-1998-жылдары Ысык-Ата мех фабрикасынын башкы технологу. 1996-жылы Кочкор айылында Италияга (Wet blue) экспорттоо үчүн тери өндүрүү цехин ишке киргизген. 1998-жылдан баштап ушул убакка чейин – «жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын улук окутуучусу. 1999-жылдан И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы «Восток-Мир» текстиль жана жеңил өнөр жай окуу-илимий-техникалык борборунун жетектөөчү илимий кызматкери. Аткарылган иштердин жыйынтыгы бир нече жолу докладдалып, конференцияларда талкууланып, эл аралык көргөзмөлөрдө сунушталган. 30дан ашык макала жарыяланган. Тери өндүрүшүнүн жаңы технологиясы жаатында ойлоп табууга СССРдин 1 патенти алынган. 2004-жылы «Алия» тери компаниясын ишке киргизүү үчүн инженердик-техникалык кызматкерлерди жана жумушчуларды окутуунун толук курсун өткөргөн. 2005-жылы Казакстан Республикасында Кордай булгаары заводунда тери өндүрүү технологиясын оптималдаштырган жана оңго салган. 2009-жылы Казакстан Республикасында Алма-Ата шаарынын жанында «ALMATY TANNERY, ТОО» булгаары заводунда жартылай фабрикат Wet-blue жана Crust өндүрүшүнүн технологиясын жөнгө салган. 2008-жылы И. Раззаков атындагы КМТУнун грамотасы менен сыйланган. 2014-жылы КР Билим жана Илим берүү министрлиги Ардак грамотасы менен сыйланган. 2020-жылы «Легпром» грамотасы менен сыйланган. Иш стажы: Бардыгы: 38 жыл. Педагогикалык: 25 жыл. Окуткан сабактары: • Булгаары химиясы жана технологиясы • Текстиль жана булгаары чийки заты • Өнөр жай технологиясы (текстиль жана булгаары) • Текстиль жана булгаары жасоонун технологиясы • Кесиптик ишмердүүлүктүн ишкердүүлүгү • Техникалык булгаары жана терини кооздоо түрлөрү Илимометриялык маалымат базаларындагы профилдер: 1.Google Scholar: 2. ORCID: 0000-0003-4777-2131 3. ResearherID Web of Science:


Приёмная: 0312-56-24-56

Телефон: +996 700 14 35 17

Кабинет: 2/311

e-mail: chuk@kstu.kg

Стаж работы: 23