Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Иманкулова Айым Сатаровна


Иманкулова Айым Сатаровна
техника илимдеринин доктору, профессор

1974-жылы С.М. Киров атындагы Ленинградтагы текстиль жана жеңил – өнөр жай институтун (азыркы кездеги Санкт-Петербург технология жана дизайн Университетин) артыкчылык диплому менен аяктаган. 1974-1978 жылдары ошол эле Ленинградтагы текстиль жана жеңил өнөржай институтунда күндүзгү аспирантурасын бүтүрүп кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 1978-жылдан баштап Фрунзедеги Политехникалык инстутунда иштеп келе жатат.

1989-жылдан баштап «Жеңил өнөр жай буюндарынын технология» кафедрасы ачылгандан баштап 2016-жылга чейин, башчылык кылып келет.

Иманкулова А.С. кафедрада иштеген убактан бери «Кийим тигүү технологиясы», «Кийим тигүү конструкциясы», «Кездеме жана трикотаж технологиясы», «Булгаары буюмдарынын технологиясы жана конструкциясы», «Жеңил өнөр жай жана текстиль буюмдарынын көркөмдүк долборлоо» беш кесип боюнча окуу лабораториялар, бардыгы болуп 16 лаборатория түзүлгөн.

Иманкулова А.С. 1995-жылы Кыргыз архитектура – курулуш инстутунда (КАКИ) «Буюмдарды көркөмдөп долборлоо» кафедрасын негиздеген.

1992-жылдан бери КР Инженердик Академиясынын «Жеңил жана тамак – аш өнөр жай технология» секциясынын  башчысы  жана 2004-жылдан баштап КР Инженердик Академиясынын Академиги.

2000-жылы Иманкулова А.С. КТУнун алдындагы орто кесиптик билим берү бөлүгүн ачкан  (азыркы  И. Раззаков а. КМТУнун политехникалык колледжи), бул колледж орто билимдүү кесиптеги студенттерди ийгиликтүү дайындап жатат.

1999-жылы Айым Сатаровна КТУнун алдында – «Восток-мир» деген ат менен текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын Окуу – илимий техникалык борбор унуюштурган, ал жерде жеңил өнөр жай боюнча актуалдык өтө маанилүү проблемалар камтылган, 4 – багыт боюнча илимий иштер жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Иманкулова А.С. аспиранттардын, илимий издешүүчүлөрдүн башчысы жана илимий устаты. Республикада жеңил өнөр жай тармагында илим күчтөрүнүн топтошуна абдан зор көңүл буруп таасир этет.

2006-жылы «Полимер жана композиттерди кайра иштетүү жана технология» адистиги боюнча доктордук диссертациясын жактаган.

Жалпысына 144 илимий, 36 методикалык эмгек жана окуу-методикалык пособияларды, монографияны жарыялаган.

Илимий – педогогиялык кадрларды даярдоо ишин алып барат.

Анын  жетекчилигинин алдында эки кандидаттык диссертация жакталган, 5 илимий издешүүчүлөр кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатышат.

Иманкулова А.С. 2016-жылга чейин И. Раззаков атындагы КМТУнун «Жеңил өнөр жай технологиясы»  кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. Азыркы учурда И. Раззаков атындагы КМТУнун Окуумушту кеңештин мүчөсү.

Кафедрада илимий иштер жүргүзүлүп турат.

- «Базальт буласынын негизинде жаңы материалдардын технологиясын иштеп чыгуусу»

- «Булгары жана мех өндүрүүсүндө коллагенден турган чийки малдан жаңы материалдардын технологиясын иштеп чыгуусу».

Иманкулова А.С. – И.Раззаков а. КМТУнун  Ардак  Грамотасы, Кыргыз Республикасынын  элдик билим берүү Министрилигин   Ардак Грамотасы, билим берүү профсоюз ишкелеринин Республика Комитетинин Ардак Грамотасы, «И.Раззаков а. КМТУнун алдында өзгөчө сиңирген эмгегине» юбилейдик медаль менен сыйланган. КР билим жана техника тармагында 2010-жылы «Технология, жабдуулар жана электр эритүүсү менен базальт булаларын өндүрүүсү жана анын негизиндеги буюмдары» ишине Мамлекеттик премиясынын Лауреаты болгон, илим жана техника тармагында чоң жетишкендигине КР Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Окутуучу сабактары:          

- Тигүү өндүрүшүндө машиналар жана жабдуулар;

- Студенттердин илимий-изилдөө иши;

- Тармактын технологиясы;

- Бүтүрүүчү квалификациялык ишти жетектөө;

- Педагогикалык практика;

- Научно-исследовательская практика;

- Магистердик диссертацияларды жетектөө.


Телефон: (0312) – 492485

Кабинет: 2/315

e-mail: ias-52@mail.ru ОРСИД:0000-0002-1174-1117

Стаж работы: 47