Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна


Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна
д.х.н.,профессор

Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Технологиялык факультеттин деканы, «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасынын профессору, химия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти

Джунушалиева Т.Ш., 1948-ж. туулган, кыргыз, И.Раззаков атындагы  ФПИ – КМТУда 1971-ж. ушул ЖОЖду аяктагандан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Кесиптик жактан өсүшүнүн баскычтары: чарбалык теманын инженери, лаборант, улук лаборант, аспирант, үйрөнчүк-изилдөөчү, окутуучу, улук окутуучу, доцент, химия кафедрасынын башчысы, профессор, Технологиялык факультеттин деканы (2002-жылдан бери азыркы учурга чейин).

ФПИнин Технологиялык факультетинин бүтүрүүчүлөрүнөн – биринчи илимдин доктору.

Химия кафедрасын 17 жылдан ашык жетектеген, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, кафедранын техникалык жактан жабдылышына чоң көңүл бурган. ЖОЖдо иштеген 45 жылдын ичинде анын катышуусу менен Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнүн эл чарбасы  үчүн бир нече миң инженерлер, бакалаврлар, магистрлер даярдалган. Ал 17 жыл жетектеген химия кафедрасы университеттеги мыкты кафедралардын бири болуп саналат. КР Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп окуучуларынын райондук, шаардык, областтык, Республикалык, Эл аралык (Менделеевдик) (1997)-ж.) олимпиадаларын өткөрүү үчүн база катары тандалып алынышы кафедранын жогорку денгээлин тастыктап турат.  Мектеп окуучуларынын химия боюнча шаардык, областтык, Республикалык, олимпиадаларында калыстардын, экспертик комиссиянын төрайымы, төраганын орун басары болгон

          Ийгиликтүү кесиптик ишмердигин өзүнүн активдүү илимий иштери менен айкалыштырат, ал сымап өндүрүшүндөгү калдыктарды утилдештирүүнүн, сымап-коргошун эритмесинен алтынды бөлүп алуунун ыкмаларын, алтынды тиокарбамиддик жол менен бөлүп алуунун экологиялык коопсуз технологиясын, иче турган сууну тазалоонун тез ыкмасын ж.б. иштеп чыккан. Изилдөө КР Билим берүү министрлигинин гранттары боюнча аткарылган (1997-2014-ж.ж.). Улуу Британиянын, АКШнын, Канаданын адистери менен биргеликте ийгиликтүү аткарылган Эл аралык илимий-техникалык Борбордун (ISTC) грантын жеңип алган «Политех» биринчи долбоорунун ийгиликтүү иштеп чыгуучусу жана менеджери. Эл аралык, республикалык денгээлдердеги 178 илимий, усулдук иштердин, анын ичинде үч монографиянын, сымапты, алтынды бөлүп алуу боюнча патенттердин автору; КР Билим берүү министрлигинин грифи менен чыккан окуу китептери, окуу куралдары, кыргыз жана орус тилдериндеги усулдук иштелмелери бар.

КР УИАнын Химия жана химиялык технологиялар институтунун алдындагы Д. 02.07.359. ведомстволор аралык диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы (2002-2004-ж.ж.), мүчөсү, төрайымы (2004-2009-жж.). КРдин Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти. Ишин коргогон эки аспиранттын, үч изденүүчүнүн, студенттердин илимий жетекчиси.

И.Раззаков атындагы КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү, Камкордук кеңешинин мүчөсү.

Ал 2002-жылдан бери жетектеп келе жаткан Технологиялык факультеттин 1300дөн ашык студенти бар жана университеттин ишмердик кылуусунда лидерлик орунду ээлеп келет.

           2009-ж. Т.Ш. Джунушалиевага «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери» ардак наамы ыйгарылган, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 1995-ж. «Кыргызстан Республикасынын элге билим берүү мыктысы» төш белгиси, 2001-ж Почетная грамота Президиума Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана, 1998-ж., 1999-ж. Билим, илим жана маданият министрлигинин Адак грамоталары, 2017-ж. КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы, 2004ж. КМТУ өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн» медалы, 

2000ж. Кыргыз техникалык университетинин профессору, 1995-ж., 1998-ж. ФПИ-КМТУнун Ардак грамоталары.

Профили в наукометрических базах данных:
ORCID: http://orcid.org/0000-0002-6794-5610


Приёмная: 56-15-02

Кабинет: 1/307

e-mail: t.dzhunushalieva@kstu.kg