Аскалиева Гульзада Орозбаевна

Аскалиева Гулзада Орозобаевна
техника илимдеринин кандидаты, доцент

Билими. 2009-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Математика, информатика жана кибернетика» факультетин аяктаган. Артыкчылык дипломун алган, «Математика» адистиги боюнча академиялык бакалавр даражасы ыйгарылган. 2009-2011-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУда магистратура бөлүмүндө окуган, аны аяктагандан кийин артыкчылык дипломуна алып, «Математика» багыты боюнча академиялык магистр даражасына ээ болгон.

Иш тажрыйбасы. 2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун «Гидроавтоматтык жана микропроцессордук системаларды моделдөө» лабораториясында инженер, кенже илимий кызматкер жана илимий кызматкер болуп эмгектенип келет. Аспирантурада окуп, 2018-жылы «Ачык суу агымдарынын классынын режимдик параметрлерин аныктоону математикалык моделдөө жана алгоритмдерин иштеп чыгуу» деген темада 05.13.18 – математикалык моделдөө, сандык методдор жана программалык комплекси адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

Учурда И.Раззаков атындагы КМТУнун «Электр энергетикасы» кафедрасында доцент болуп иштейт  жана КР УИАнын Машина таануу жана автоматика институтунун «Гидроавтоматтык жана микропроцессордук системаларды моделдөө» лабораториясында штаттан тышкары жетектөөчү илимий кызматкер болуп эмгектенет. Окуу процессинде заманбап методдорду жана технологияларды колдонуу менен лекцияларды окуп, сабактарды жогорку усулдук жана илимий деңгээлде өткөрүп келет.

Илимий кызыкчылык чөйрөсү. Гидротехникалык курулуштар, ирригациядагы технологиялык процесстерди гидравликалык автоматташтыруу, турбуленттүү суюктуктун агымынын теорияларынын жана моделдеринин негизинде суу агымдарынын кинематикалык параметрлерин жана мүнөздөмөлөрүн өлчөөнүн жана башкаруунун методдорун илимий жактан иштеп чыгуу тармагындагы адис. КР УИАнын МГАМПС ИМА лабораториясынын кызматкерлери менен биргеликте илимий долбоорлордун алкагында суу алуучу түзүлүштө технологиялык процесстерди башкарууну моделдөөнүн элементтерин (графикалык-аналитикалык номограммалар түрүндө) жана суунун агымынын өзгөчөлүктөрүн эмпирикалык идентификациялоо багыттарында изилдөөлөрдүн натыйжаларын колдонуу жана сугат суусун асма чөкмөлөрдөн тазалоонун сапатын жогорулатуу  боюнча практикалык сунуштар иштеп чыккан, ачык суунун агымынын чектеринде жана гидротехникалык курулмалардын элементтеринде басымдын динамикалык термелүүсүнүн мүмкүн болуучу таасирлери белгиленген, ачык турбуленттүү суунун агымында басымдын динамикалык өзгөрүү спектрин аныктоо методу иштелип чыккан жана аналитикалык жактан негизделген. Ал ар кандай республикалык жана эл аралык конференцияларда дайыма баяндама жасап келет.

«Проблемы автоматики и управление» журналынын редколлегиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.

Сыйлыктары. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы жана грамотасы менен сыйланган (2014, 2018, 2019).

3 монографиянын, ойлоп табууларга 6 патенттин жана 32 илимий эмгектин автору.

Негизги ойлоп табуулар:

  1. Пат. №2197 Кыргызская Республика, Способ определения высокочастотного интервала спектра пульсаций вертикальной компоненты скорости в ламинарном пограничном слое турбулентного потока воды [Текст] / К.А. Пресняков, Г.К. Керимкулова, Г.О. Аскалиева; Бюллетень «Интелектуалдык менчик».–№ 3.– 31.03.2020.; То же: [Электронный ресурс]. - Режим доступа: https://drive.google.com/file/d/1n4sfxgwpFDC 

  2. Пат. №2271 Кыргызская Республика, Способ определения зависимости или независимости кинематических характеристик открытого турбулентного потока воды, измеряемых в двух его соседних точках [Текст] / К.А. Пресняков, Г.К. Керимкулова, Г.О. Аскалиева и др.; Бюллетень «Интелектуалдык менчик».–№ 12/1.– 01.12.2021г.; То же: [Электронный ресурс]. - Режим доступа: http://patent.gov.kg/?page_id=145 

  3.  Пат. №2347 Кыргызская Республика, Способ установления вероятного влияния выбора ориентации координатных осей на результаты измерений кинематических характеристик открытого турбулентного потока воды [Текст] / К.А. Пресняков, Г.К. Керимкулова, Г.О. Аскалиева и.др.; Бюллетень «Интелектуалдык менчик».– № 6.– 30.06.2023г; То же: [Электронный ресурс]. - Режим доступа: http://patent.gov.kg/wp-content/uploads/2023/0 

  4. Пат. №2069 Кыргызская Республика, Способ определения поверхностной скорости воды [Текст] / К.А. Пресняков, Г.К. Керимкулова, Г.О. Аскалиева и.др.; Бюллетень «Интелектуалдык менчик.–№ 6.– 29.06.2018; То же: [Электронный ресурс]. - Режим доступа: https://drive.google.com/file/d/113edVrD1qhOL1ORO46r8713XUmrUr6EN/view 

  5. №043727 ЕАПВ, Способ и устройство для измерения поверхностной скорости воды в открытом водотоке [Текст] / К.А. Пресняков, Г.К. Керимкулова, Г.О. Аскалиева и.др.; Заяв. №202092752 от 27.10.2020; То же: [Электронный ресурс]. - Режим доступа: http://www.eapo.org/ru/publications/publicat/vi

  6. Пат. №2347 Кыргызская Республика, Способ установления вероятного влияния выбора ориентации координатных осей на результаты измерений кинематических характеристик открытого турбулентного потока воды [Текст] / К.А. Пресняков, Г.К. Керимкулова, Г.О. Аскалиева и.др.; Бюллетень «Интелектуалдык менчик».– № 6.– 30.06.2023г; То же: [Электронный ресурс]. - Режим доступа: http://patent.gov.kg/wp-content/uploads/2023/0

Илимийометрикалык маалымат базаларындагы профилдер:
Аскалиева Гулзада Орозобаевна

  1. ORCID: 0000-0002-4513-5828
  2. Scopus ID:_________________
  3. Researcher ID Web of Science: HNO-9148-2023
  4. Google Scholar: Askalieva Gulzada
  5. РИНЦ:SPIN-код: 8149-4440, AuthorID: 892956  

Телефон: 0312 54 51 49

Кабинет: 5/101

e-mail: gaskalieva@kstu.kg

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар