25.12.25 Техносфералык коопсуздук кафедрасынын "Тармактык кенеши".

2025-жылдын 25-декабрында КМТУнун Техносфералык коопсуздук кафедрасында 760300 «Техносфералык коопсуздук» багыты боюнча Тармактык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Тармактык кеңештин курамы, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты. Кеңештин күн тартибине төмөнкү негизги маселелер киргизилди:
    •    2026–2027-окуу жылы үчүн жумушчу окуу планын кароо;
    •    багыттын алкагында жаңы профиль ачуу маселесин талкуулоо;
    •    дуалдык окутуу формасын киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо;
    •    тармактык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, иш планын бекитүү;
    •    ар кандай маселелер.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланды.
Төрага болуп Мамбеталиев Кумар Абылгазымович — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жетекчиси шайланды.
Ал эми төраганын орун басары болуп Джайлокеев Айбек Нуршаевич — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин технологиялар жана санариптештирүүнүн инновациялык технологиялар бөлүмүнүн башкармалыгынын начальниги шайланды.

Жыйынга жетекчилик кылып, бардык уюштуруу иштерин Техносфералык коопсуздук кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Омуров Жыргал Макешович алып барды.

Жыйындын жыйынтыгында билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү, практикалык багытты күчөтүү жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар