Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Тарбия иш чаралары


Тарбия иштери

ТБ кафедрасында тарбиялык иштин системасы окуу процесстин ажырагыс бир бөлүгү. Бул иш студенттерди окуу процессине тарбиялоого, жүрүм-турум эрежелерин билүү, ЖОЖдун тарыхы менен таныштыруу, анын каада салттары, окуунун жана эс алууда рационалдуу системасын түшүндүрүү,окууга олуттуу мамиле кылуу иштерин камтыйт. Студенттер окуу жайдын аймагында укук коргоо органдарынын аракеттерине катышып жатышат. Окуудан тышкаркы убактысында тарбиялык иштерге катышышат: студентерди илимий иштерге (СИИ) маданий массалык жана спорттук иш чараларга катышуусун камтыйт. Кафедрада ар бир топко кураторлор бекитилген, кураторлордун иш планы ар бир окуу жылына бекитилген. Сабак учурунда кураторлор студенттердин сабакка болгон катышын текшерип турушат.

Топтордун кураторлору

Кураторлор

Кызматы

Топтор

1курс

Мурзаканов А.Н.

Окутуучу

ТБ-1-19, ТБ -2-19, ТБ-1-19(ИСОП).

2 курс

Мамбеталиева З.Б.

Окутуучу

ТБ-2-18, ТБ-1-18(19).

2 курс

Жапакова Б.С.

Улук окутуучу

Тб-1-18(БТП).

3 курс

Уманова Н.Д.

Улук окутуучу

ТБ(б)-1-17

3 курс

Мамбетакунов А.К.

Улук окутуучу

ТБ-2-17, ТБ-2-17(ЗЧС).

4 курс

Степанов С.Б.

Доцент

ТБ-1-16(ЗЧС).

Кураторлордун куратордук журналдары бар. 

Топтордун иш-чаралары
Окуу жылынын башында топтун старостасы, студенттик профсоюз уюумунун өкүлдөрү, жана бирлик студенттик уюмунун жаштар иштери боюнча комитети шайланат. Кураторлор дайыма жайында студентерге жүрүштөрдү уюштурат, музейлерге алып барышат, сапарларды уюштурушат. Студенттер республикалык, шаардык жана эл аралык мелдештерге жана көргөзмө жыйнактарга катышышат. Кураторлор студенттердин сабактарга катышуусун көзөмөлдөйт жана куратордук саат өткөзүшөт, окуу процессин, рейтинг контролу менен тааныштырат.
-рейтинг өткөрүү учурунда жыйынтыгы талкууланат, сабакка келбеген күндөрдүн кайрадан өткөзүүсү мугалимдер менен макулдашылат;
- студенттердин калып кеткен сабактары менен иш алып барышат;
-кураторлор жатаканада жашаган студенттерге барып көзөмөлдөшөт;
- куратордук саатта  сессия аягында модулдардын  жыйынтыгын талкуулашат;
- медпунктун  кызматкерлери менен биргеликте студенттер медкароодон өтүшөт ж. б.

Жатаканада уюштуруу иштери
Тарбиялык иштин багыттарынын бири жатаканада жашаган студенттерди көзөмөлдөө жана тартип бузуулардын алдын алуу.
Тарбиялык иштердин негизги максаты: мамлекеттик жана укуктук актыларынын негизинде жогорку окуу жайдын, стратегиясын аныктоо жана келечектеги техникалык окуу жайдын инженерлерин тарбиялоо. Ар дайым отчеттук түрдө тарбиялык иштердин жыйынтыгынын негизинде маалыматтар чогултулат, ТБ кафедрасынан № 1 жатаканасында 2 студент жашайт.
Кураторлор студенттерди текшерип, мыйзам бузуучулукту алдын алуу, "Коопсуздукту сактоо" жөнүндө маек курушту.
Кураторлор дайыма: укук бузууларды алдын алуу, жатаканада жүрүм-турум эрежелерин сактоо жөнүндө ж. б. иштерди жүргүзүшөт.