14.11.2025 И.Раззаков атындагы КМТУда "туруктуу өнүгүү контекстиндеги экологиялык коопсуздук" аттуу илимий-практикалык конференция.

2025-жылдын 14-ноябрында И. Раззаков атындагы КМТУнун конференция залында экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү боюнча актуалдуу маселелерге арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага студенттер, окутуучулар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү — Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ӨКМ КР жана Бишкек шаарынын мэриясы — катышты.

Конференцияны ачып жатып, КМТУнун илимий иштер боюнча проректору Арзыбаев Алмазбек Момунович климаттын глобалдык өзгөрүүсү шартында мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, университеттин жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган аракеттерин баса белгиледи.

КМТУнун окуу башкармалыгынын начальниги Дыйканалиев Калыбек Мукашевич студенттердин техносфералык коопсуздук тармагындагы компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программаларындагы акыркы өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берди.

КМТУнун Техносфералык коопсуздук кафедрасынын башчысы Омуров Жыргалбек Макешович кафедранын илимий ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташуусу, билим берүү демилгелери жана экологиялык коопсуздук боюнча адистерди даярдоого багытталган долбоорлору тууралуу баяндама жасады.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын начальниги Мамбеталиев Кумар Абылказымович кафедра билим берүү демилгелери менен мамлекеттик түзүмдөрдүн практикалык милдеттерин байланыштырып, илим менен практиканын интеграциясын күчөтүп жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата Улуттук Адаптациялык План долбоорун сунуштады.

КМТУнун «Жашыл жана санариптик чечимдер» офисинин жетекчиси Бурул Сабырбековна Жапакова студенттерге экологиялык маселелерди чечүүгө демилге көтөрүүгө, илимий долбоорлорго жана туруктуу өнүгүү жаатындагы билим берүү программаларына катышууга мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.

Конференциянын алкагында төмөнкү докладдар угулду:
    •    Техносфералык коопсуздук кафедрасынын профессору, биология илимдеринин доктору Бекболотова Айгүл Керимкуловна — Кыргызстандагы учурдагы экологиялык абал, жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу.
    •    Бишкек шаары мэриясынын Департаментинин отун-энергетика комплекси бөлүмүнүн башчысы Жумаев Азим Тоюнбекович — Бишкектин экологиялык абалын жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу.
    •    Бишкек шаары боюнча ӨКМ КРнин Биринчи Май району боюнча жарандык коргоо бөлүмүнүн начальниги, майор Тойчубеков Эрмек Арзыматович — климаттын өзгөрүшү өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшүнө тийгизген таасири тууралуу.
    •    КМТУнун Дизайн кафедрасынын окутуучусу Каниметова Бермет Салаватовна — экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө дизайндын тийгизген таасири жөнүндө.

Конференция тажрыйба алмашуу, илимий жана практикалык чечимдерди талкуулоо, ошондой эле билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана өнөр жай ишканаларынын экологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтыгын чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Энергетикалык институттун Техносфералык коопсуздук кафедрасы «Техносфералык коопсуздук» багытын активдүү өнүктүрүүнү улантып, өлкөнүн жана аймактын экологиялык жана техносфералык маселелерин натыйжалуу чече алган квалификациялуу адистерди даярдоону улантууда.

Институттар Жогорку мектептер Колледж/Лицей
Департаменттер Бөлүмдөр Борборлор
Чет элдик студенттерге
Студенттерди тейлөө борбору
ЦОС 1-2-3
Аймактык бөлүнгөн филиалдар