Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Усупкожоева Анипа Абылбековна


Усупкожоева Анипа Абылбековна
т.и.к.,профессор

ТАӨМА адистиги боюнча 1998-жылдын бүтүрүүчүсү.

2001-жылы - И.Раззаков атындагы КМТУ, "Экономист" академиялык квалификациясы.

1999-жылдан баштап окутуучу, улук окутуучу, доцент, технологиялык жана кыргыз-герман техникалык факультеттеринин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары, декан, "ТАӨМА" кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу.

2014-жылдан бери Кыргыз-Герман техникалык институтунун директору, андан тышкары, Кыргызстан инженердик билим берүү ассоциациясынын аткаруучу директору. 2011, 2012, 2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Бойт атындагы Берлин техникалык институтунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Германия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, 2014-жылы Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2014-жылы "Мыкты инновациялык окуу-усулдук комплекс" сынагынын жеңүүчүсү.