АЛЫМБЕКОВА ЖАМИИЛА САРМАНОВНА
1970-жылы ТАӨМА адистиги боюнча бүтүргөн.
1971-жылы методист, кадрлар инспектору, техникумдун директору.
1983-1985 Москвадагы СССРдин Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин инспектору.
1985-1990 - Токтогул райондук аткаруу комитетинин бөлүм башчысы, аймактык байланыш борборунун башчысынын орун басары.
1990-1996 - Бишкек шаардык элге билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, Чүй облустук кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы.
1996-1999 - Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары.
1999-2001 Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары.
2001-2002-жылдары "Улуттук каада-салтты сактоо жана өнүктүрүү үчүн аялдар лигасы" бейөкмөт уюмунун долбоорунун директору болгон.
2002-2003 - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруу иштери боюнча инспектору.
2003 - Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи Май райондорунун администрация башчысынын орун басары.
1994-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.