Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Материалдык -техникалык базасы


    Кафедра калыптангандан бери: заманбап техникалык билим алуу үчүн техникалык жана окуу-лабораториялык база түзүлгөн. Окуу-лабораториялык базанын курамына алты адистештирилген окуу лабораториялар окуу устаканалар кирет, алар бардык өнөр жай тармактары баюнча макеттер жана колдонуудагы жабдуулардын үлгүлөрү менен жабдылган. Алардын арасында төмөндөгү лабораториялар бар:

  1.  «Тамак-аш өндүрүшүнүн жарандары жана аппараттары» сабагынын лабораториясы;
  2. «Муздаткыч техника» сабагынын лабораториясы;
  3. «"Нан, макарон жана кондитердик өндүрүштөр боюнча жабдуулар» сабагынын лабораториясы;
  4. «Консерва жана сүт заводдорунун жабдуулары» сабагынын лабораториясы;
  5. «Эт комбинаттарынын жабдуулары» сабагынын лабораториясы;
  6. «Дан азыктарын жана желдетүүчү орнотмолорду кайра иштетүү боюнча жабдуулар» сабагынын лабораториясы.

Мындан тышкары, кафедрада "Стюарт Эссей Эпд Ипвайроментая  Лэборэторис" бирикмеси аркылуу жабдылган заманбап компьютердик классы бар. Лекциялык сабактар окутуунун прогрессивдүү интерактивдик усулдары менен, маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу өтүлөт.

Лабораториялык жана практикалык сабактар зарыл каражаттар, аспаптар жана жабдуулар менен жабдылган адистештирилген лабораторияларда өтөт. Алар жыл сайын жаңыртылып турат.

2011-жылы кафедра  6 миң доллардан ашык сумманы грант катары алып, ага муздаткычтар техникасы боюнча жабдууларды алган.

  • “Тамак-аш инженериясы " кафедрасынын лабораторияларынын жабдууларын изилдөө актысы.
  • ТК журналы ТАИ минбары
  • Демөөрчүлүк жардам жөнүндөгү келишим
  • ТАИ кафедрасынын лабораторияларынын паспорту