Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Жабудаев Турукмен Жусупбекович


Жабудаев Турукмен Жусупбекович
т.и.к., доцент, кафедра башчысы

Билими: 1984-1988-ж.ж. Фрунзе политехникалык техникумунун студенти, адистиги: "Гидроэнергетикалык орнотмолорду орнотуу жана иштетүү"

Жогорку билимдүү: 1990-1995-жылы "Гидроэлектростанция" адистиги боюнча Кыргыз техникалык университетинин, энергетика факультетинин студенти, кесиби "Инженер электрик".

Техника илимдеринин кандидаты, доцент.

https://orcid.org/0000-0002-2676-7272

Илимий иши: Төмөнкүдөй илимий долбоорлорго катышкан:

  • · Кыргызстанда ГЭСти курууга инвестиция тартуу боюнча изилдөө;
  • · Төмөнкү басымдуу микроГЭСти изилдөө жана иштеп чыгуу;
  • · Сынамык иретинде төмөн басымдуу микроГЭСин түзүү;
  • · Кыргыз Республикасынын ОЭКин ЭКБын колдонуу менен туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында салттуу эмес технологияларды жана техникалык каражаттарды изилдөө жана иштеп чыгуу.

12 окуу-усулдук жана окуу куралдарынын автору. Республикалык жана эл аралык жыйнактарда жарыяланган 21 илимий эмгектин ээси. 1 автордук күбөлүккө ээ "МикроГЭСи үчүн гидротурбинанын түрүн тандоо жана эсептөө программасы".

2009-жылы, КРнын ББ жана ИМ тарабынан бекитилген энергетика адистиги боюнча жогорку окуу жайы үчүн окуу китеби "Гидроэнергетикалык орнотмолор" басылып чыккан.

2013-жылы "Чакан дарыялардын гидрологиялык өзгөчүлүктөрүн эске алуу менен микроГЭСтин параметрлерин эсептөө алгоритмин жана моделин түзүү" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

Иш тажрыйбасы: 1995-ж. И. Раззаков атындыгы «Электроэнергетика» минбарынын окутуучусу.

1999-ж. И. Раззаков атындыгы «Электроэнергетика» минбарынын ага окутуучусу.

2001-ж. И. Раззаков атындыгы «ЭКБ» минбарынын ага окутуучусу.

2010-ж. И. Раззаков атындыгы «ЭКБ» минбарынын доценти.

Энергетикалык факультетинин декандын орун басары болуп иштеген. Окуучуларды кабыл алуу борборунун директорунун орун басары болуп иштеген. Ар кайсы жылдары кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысынын орун басары болуп иштеген.

Азыркы учурда "Энергиянын калыптанма булактары" минбарынын башчысы.

Сыйлыктары: 1.Энергетика факультетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2. КМТУнун Ардак грамотасы менен сыйланган.

3. 2007-жылы Токтогул ГЭСин Ардак грамотасы менен сыйланган.

4. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги", 2010-ж.

5. "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай отличниги", "Каарман" медалы 2014-ж.

6. КМТУ 60-ж. медалы "КМТУ-60", 2014-ж.

7. КР ӨЖЭжЖКПМК Ардак грамотасы 2017-ж.

8. ЭФ 60-ж. медалы "ЭФ-60", 2017-ж.


Телефон: 0 312 548433

Кабинет: 3/203а

e-mail: turukmen@mail.ru